Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Латвиянын Президенти Эгилс Левитс менен жолугушту

3951

15-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Латвия Республикасынын Президенти Эгилс Левитс менен жолугушту.

Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык алакалар, маданий жана парламенттер аралык кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Төрага Дастанбек Жумабеков Эгилс Левитсти жакында эле Латвия парламенти - Сейма тарабынан Президенттик кызматка шайланышы жана Латвиянын көз карандысыз өлкө катары жарыяланышынын 101 жылдыгы менен куттуктады.

“Латвия менен Кыргызстандын демократиялык өнүгүүгө карай алган багыттары бирдей. Парламенттик системасы менен катар адам укуктарын башкы орунга койгонунда да окшоштуктар бар. Бизге азыркы учурда эки өлкө ортосундагы тыгыз экономикалык байланыштар гана жетишпей турат. Урматтуу президент, биз Латвия Республикасы менен ар тараптуу кызматташууга даярбыз. Ал үчүн алдыда өкмөттөр аралык жигердүү иш-аракеттер башталат деп ишенебиз", – деди  Дастанбек Жумабеков.

Жолугушууда Кыргызстан 2016-жылдан бери Европа Биримдигинин ВСП+ долбооруна кошулуп, алты миңге жакын айыл чарба азыктарынын түрлөрүн Европа өлкөлөрүнө экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алганы жана бул багытта Кыргызстан үчүн Латвия Республикасынын транзиттик өлкө катары мааниси чоң экени белгиленди.

Латвия Республикасынын Президенти Эгилс Левитс Кыргызстандын саясий системасындагы өзгөрүүлөргө 2010-жылдан бери дыкат байкоо салып келе жатканын айтып, Борбор Азиядагы парламенттик демократияны бекем карманган өлкө катары таанырын кошумчалады.

"Кесибим боюнча юрист болгондугуман улам Кыргызстандын Конституциясы менен жакшы таанышмын. Биз мыйзам үстөмдүгү менен демократиялык баалуулуктарга таянган окшош өлкөлөрбүз. Ал эми экономикалык жактан тыгыз байланыш курууга жана бул тармактагы кызматташуубузду жаңы деңгээлге чыгарууга ишеним чоң" ,- деди Эгилс Левитс.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Латвия жана Литва Республикаларына жасаган расмий сапардын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрүүдө. Делегациянын курамында эл өкүлдөрү А.Шыкмаматов, Д.Исаева, Г.Асылбаева, Ө.Бакиров, Ж.Исаев, Б.Субанбеков жанан Кыргыз Республикасынын Белоруссиядагы Атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Э.Ибраимов бар.

  • Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Латвиянын Президенти Эгилс Левитс менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK