Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Литва Сейминде жолугушууларды өткөрүүдө

3831

Кыргыз Республикасынын Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Литва Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында, баш калаа Вильнюс шаарында бир катар жолугушууларды өткөрүүдө.

Литва парламенти - Сеймдин Төрагасы Викторас Пранцкетис менен болгон жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын бекемдөө, мыйзамдарды шайкеш келтирүү, депутаттык достук топторунун алкагында тажрыйба алмашуу маселелерин сүйлөштү.

Андан тышкары, Литва Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды.

Ошондой эле кыргыз тарап Литва парламентинин депутаттарына Кыргызстандагы парламенттик система жана аны өнүктүрүү иш-аракеттери тууралуу кеңири маалымат берди.

“Литва менен Кыргызстан дээрлик бирдей саясий системада жашайт. Эки өлкө тең адам укуктарын жана демократиялык баалуулуктарды бекем карманат. Ошону менен бирге биздин өлкөлөр эл аралык платформаларда да ар убак бири-бирин колдоп келет. Биз эки өлкө ортосундагы кызматташуу мындан дагы бекем жана жандуу болушуна кызыкдарбыз",– деди Дастанбек Жумабеков.

Өз кезегинде Литва парламентинин Төрагасы Викторас Пранцкетис эки өлкө депутаттарынын достук топторунун алкагындагы байланыштарды мындан ары дагы бекемдөө зарылчылыгына токтолду.

"Ал эми соода-экономикалык кызматташуу боюнча Литва Кыргызстан тараптын баардык сунуштарын карап чыгууга даяр. Биздин өлкөнүн темир жол байланыштары көп өлкөлөрдү туташтырат, ал эми деңиз порту аркылуу 65 өлкөнүн деңиз порту менен карым-катыш жүргүзсө болот", – деп кошумчалады Викторас Пранцкетис.

Расмий сапардын жүрүшүндө бир катар маданий иш-чаралар да мерчемделген. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттары Вильнюс университетине барып, окуу жайдын тарых-таржымалы, азыркы учурдагы жогорку билим берүү системасындагы реформалар жана жетишкендиктери менен таанышты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясы Литва мамлекетине Латвия Республикасындагы расмий иш сапардан соң барды. Ал эми делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Динара Исаева, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Исаев жана Бакирдин Субанбеков бар.

  • Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Литва Сейминде жолугушууларды өткөрүүдө
  • Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Литва Сейминде жолугушууларды өткөрүүдө

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK