Кызмат

Чет өлкөдөгү мекемелерде жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:

- чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан толтурулуучу анкета-арыз;

- электрондук форматта бетинин сүрөттөлүшү даана чыгарылган, ак фондогу, өлчөмү 4x6 см болгон 2 түстүү фотосүрөт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөгөндүгүн ырастоочу квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алымды төлөшпөйт).

Жогоруда аталган документтерге кошумча катары төмөнкүдөй документтер берилет:

1) 16 жашка чыга элек адамдын ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүлү кайрылган учурда:

- 16 жашка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

- 16 жашка чыга элек адамдын ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүлү тарабынан толтурулган жана колу коюлган арыз (арызда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби баяндалат).

Эгерде арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болсо, 16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн, апостиль коюлган же легалдаштырылган макулдугун берүү зарыл, эгерде бул жол-жобо Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен каралса;

2) 16 жашка чыккан адам кайрылганда:

- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

3) жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:

а) визалык белгилер үчүн беттери бүткөнүнө байланыштуу, колдонуу мөөнөтү аяктаганда:

- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;

б) жеке маалыматтар өзгөргөндүгүнө байланыштуу же жалпы жарандык паспортко туура эмес жазуулардын киргизилгендиги аныкталса:

- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк, никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк, аялынын (күйөөсүнүн) өлгөнү тууралуу күбөлүк;

в) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда:

- бузулган, алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт.

Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогондо чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын көчүрмөсүн берүү жөнүндө суроо-талап жиберет;

4) арыз ээсинин каалоосу менен же визалык беттери бүткөнүнө жана мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасынын болгондугуна байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда:

- жалпы жарандык паспорт;

5) жалпы жарандык паспорт жоголуп кеткенде:

- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк.

Арыз ээсинин ким экендигин аныктоо мүмкүн болбогондо чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын көчүрмөсүн берүү жөнүндө суроо-талап жиберет.

Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүктү каттоо

- чет өлкөлүк мекеменин жооптуу кызматкери тарабынан толтурулган анкета;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын ID картасы/жарандык паспорт;

- тиешелүү дарыгерлердин (окулист, нарколог, психолог) эскертүүлөрү менен кабыл алуучу өлкөнүн медициналык маалымкаты (зарыл болгон учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик/расмий тилге котормосу);

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айдоочулук күбөлүктү тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн акы төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанцияларды.

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү тариздөө

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын ырастоочу жана Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө укук берүүчү убактылуу документ болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын жараны паспортун жоготуп жиберген учурда ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк (мындан ары - күбөлүк) берилет.

Күбөлүк берүү Кыргыз Республикасынын жарандарынын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн керектүү мөөнөткө (бирок 30 күндөн ашык эмес) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле өткөрүп берүүгө, экстрадициялоого же реадмиссияга жаткан чет мамлекеттин соттук же укук коргоо органдары тарабынан өткөрүлүп берилүүчү жактардын Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүгүнүн колдонулуу мөөнөтү 90 күндү түзөт.

Күбөлүк берүү маселеси менен кайрылууда арыз берүүчү төмөнкү документтерди берет:

а) белгиленген үлгүдөгү арыз;

б) келген мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген, арыз берүүчүнүн паспортунун жоголгондугу боюнча кайрылган фактыны тастыктоочу документ (протокол, маалымкат жана ж.б.). Ар кандай жагдайларга байланыштуу документти (маалымкат, талон-билдирүү, протокол жана ж.б.) берүүгө мүмкүн болбогон учурда арыз берүүчү паспортунун жоголгондугунун бардык жагдайларын жана себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кеңири түшүндүрмө берет;

в) 3 x 4 өлчөмүндө 2 фотосүрөт;

г) арыз берүүчүнүн инсандыгын идентификациялоого, Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыктоого (Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын ырастоочу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет, офицердин (прапорщиктин) инсандыгын ырастоочу күбөлүк, запастагы офицердин аскердик билети, аскерге чакырылуучунун каттоо күбөлүгү, сүрөтү менен кызматтык күбөлүк) мүмкүнчүлүк берүүчү документтер же арыз берүүчүнүн инсандыгын ырастоочу Кыргыз Республикасынын экиден кем эмес жаранынын паспортторунун көчүрмөсүн тиркөө менен алардын белгиленген тартипте консулдук кызматтын адамдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү арызы.

Кыргыз Республикасына кайтып келгенден кийин арыз берүүчү жаңы паспортту тариздөө жана даярдоо, күбөлүктү милдеттүү түрдө тапшыруу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнө он беш күндүн ичинде кайрылууга милдеттүү.

Күбөлүктү берүү үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды алышат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203« Чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилиги 2023-жылдын 13-мартынан тарта «Мекен Карталарын» алуу үчүн документтерди кабыл алуусун баштады.

«Мекен Карт» картасына кайрылуу үчүн элчиликке жүйөңүзгө жараша төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

Кыргыз ССРинде туулгандар үчүн

1. Чет элдик паспорт
2. ССР Союзунун туулгандыгы женунде кубөлүгү же Кыргыз ССРинин гражданынын паспорту
3. Мурунку фамилия талаасына маалыматтарды киргизүүдө фамилияны өзгөртүү жөнүндө арыз
4. Чет мамлекеттин соттолбогондугу жөнүндө маалымкат
Ата-энеси Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдары же неберелери үчүн
1. Чет элдик паспорт
2. 18 жашка чейинки балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк
3. Мурунку фамилия талаасына маалыматтарды киргизүүдө фамилияны өзгөртүү жөнүндө арыз
4. Кыргыз Республикасынын тууганынын паспорту
5. Чет мамлекеттин соттолбогондугу жөнүндө маалымкат

Буга чейин Кыргыз Республикасынын жарандыгындыгында болгондор үчүн

1. Чет элдик паспорт
2. 18 жашка чейинки балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк
3. Мурунку фамилия талаасына маалыматтарды киргизүүдө фамилияны өзгөртүү жөнүндө арыз
4. Жарандыктан чыгуу аркылуу AIS Citizenship менен интеграциялоо (№, жарлыктын датасы) 
5. Чет мамлекеттин соттолбогондугу жөнүндө маалымкат
Кыргыз ССРинде туулгандар үчүн
1. Чет элдик паспорт
2. ССР Союзунун туулгандыгы женунде кубелугу же Кыргыз ССРинин гражданынын паспорту
3. Мурунку фамилия талаасына маалыматтарды киргизүүдө фамилияны өзгөртүү жөнүндө арыз
4. Чет мамлекеттин соттолбогондугу жөнүндө маалымкат

Ата-энеси Кыргыз ССРинин граждандары болгон балдары же неберелери үчүн

1. Туугандыгын ырастоочу документтер - арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүк
2. Чет элдик паспорт
3. Тууганынын туулгандыгы тууралу ССР ССРинин кубелугу же тууганынын Кыргыз ССРинин гражданынын паспорту
4. Мурунку фамилия талаасына маалыматтарды киргизүүдө фамилияны өзгөртүү жөнүндө арыз
5. Чет мамлекеттин соттолбогондугу жөнүндө маалымкат

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын
СТАВКАЛАРЫ

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219, 2018-жылдын 23-майындагы № 250, 2021-жылдын 5-мартындагы токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо каралгандан башка учурларда, бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн бирдей.

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Үч жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле иш мезгилинен сырткары аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 100 пайызга жогорулатылат.

4. Консулдук иш-аракеттерди эс алуу жана майрам күндөрү аткаруу үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 200 пайызга жогорулатылат.

4-1. Ушул ставкалардын 3 жана 4-пункттарынын жоболору Кыргыз Республикасынын электрондук визаларын тариздөө жана берүү менен байланышкан консулдук иш-аракеттерге жайылтылбайт.

5. Консулдук иш-аракеттер зарыл болгондо жана арыз ээсинин өтүнүчү боюнча консулдук мекемеден сырткары аткарылышы мүмкүн, мында консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары жогорулатылат, бирок эки эседен ашык эмес. Арыз ээси консулдук иш-аракеттерди аткаруунун жерине барууга байланышкан чыгымдарды төлөйт.

6. Мамлекеттик чек аранын эл аралык өткөрүү пункттарындагы консулдук пункттарында аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн каражаттардын ставкасына тарифтер жогорулатылбайт.

7. Ушул ставкалардын 3, 4-пункттарынын колдонушу Кыргыз Республикасынын жарандарына жайылтылбайт.

N

Консулдук иш-аракеттердин аталышы

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы, АКШ долл. менен

1

Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун (Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринен 2006-жылдын үлгүсүндөгү) алуу:

 

 

- Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун алуу үчүн анкета толтуруу жана маалыматтарды иштеп чыгуу

50

2

Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине виза берүү жөнүндө ноталарды тариздөө, мамлекеттик кызматкерлерден - Кыргыз Республикасынын жарандарынан тышкары

10

3

Чет өлкөлүк жарандарга виза берүү жана визанын мөөнөтүн узартуу, кызматтык иштер боюнча визалык колдоо көрсөтүүнү тариздөө:

 

 

1) визалык колдоо көрсөтүү үчүн алдын ала кароого документтерди кабыл алуу жана аларды каттоо;

-

 

2) алдын ала кароого документтерди кабыл алуу жана аларды каттоо;

10

 

3) визалык колдоо көрсөтүүнү тариздөө (5 адамдан ашык эмес);

-

 

4) бир жолку визаны тариздөө: - 1 айга чейин;

50

 

- 1 айдан 3 айга чейин;

60

 

- 3 айдан 6 айга чейин;

70

 

5) көп жолку визаны тариздөө: - 1 айга чейин;

60

 

- 1 айдан 3 айга чейин;

80

 

- 3 айдан 6 айга чейин;

120

 

- 6 айдан 1 жылга чейин;

180

 

5-1) бир жолку окуу визасын узартуу:

 

 

- 3 айдан 6 айга чейин;

20

 

- 6 айдан 1 жылга чейин;

40

 

5-2) көп жолку окуу визасын узартуу:

 

 

- 3 айдан 6 айга чейин;

30

 

- 6 айдан 1 жылга чейин;

60

 

6) туристтик визаны тариздөө:

 

 

- бир жолку - 1 айга чейин;

30

 

- бир жолку - 3 айга чейин;

40

 

- эки жолку - 1 айга чейин;

55

 

- топтук виза (бир адам үчүн);

20

 

7) транзиттик визаны тариздөө:

 

 

- беш суткага чейин;

25

 

- эки жолку транзиттик виза;

35

 

8) Мамлекеттик чек аранын эл аралык өткөрүү пункттарында жайгашкан ТИМдин консулдук пункттарында визаны тариздөө:

 

 

- диний жана туристтиктен тышкары, бир жолку - 1 айга чейин;

70

 

- диний жана туристтиктен тышкары, бир жолку - 1 айдан 3 айга чейин;

80

 

- диний жана туристтиктен тышкары, көп жолку - 1 айдан 3 айга чейин;

100

 

- диний бир жолку - 1 айга чейин;

70

 

- диний бир жолку - 1 айдан 2 айга чейин;

80

 

- туристтик бир жолку 1 айга чейин;

50

 

- туристтик бир жолку 3 айга чейин;

60

 

- туристтик көп жолку 3 айга чейин;

70

 

- транзиттик;

40

 

- транзиттик эки жолку;

50

4

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн мекенине кайтып келүүгө күбөлүк берүү (МКК)

10

5

Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтерди мыйзамдаштыруу:

 

 

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары берген ар бир документти мыйзамдаштыруу үчүн:

 

 

- жеке жактардан;

25

 

- юридикалык жактардан;

75

 

2) чет мамлекеттин мамлекеттик органдары берген ар бир документти мыйзамдаштыруу үчүн:

 

 

- жеке жактардан;

50

 

- юридикалык жактардан;

100

 

3) билими тууралуу документтерди мыйзамдаштыруу үчүн:

 

 

Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билими тууралуу диплому, Кыргыз Республикасынын орто билими тууралуу аттестаты, билим берүүчү курстарды аяктагандыгы тууралуу сертификаттар

50

6

Жеке иштер боюнча чет өлкөгө кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө туруктуу жашоого калууга уруксат тууралуу өтүнүч катын кабыл алуу жана тариздөө

10

7

Чет өлкөгө убактылуу же туруктуу жашоого барган Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук каттоого коюу:

 

 

1) убактылуу жашоого;

3

 

2) туруктуу жашоого

5

8

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу документтерин тариздөө:

 

 

1) КМШ өлкөлөрүндөгү чет өлкөлүк мекемелерде документтерди кабыл алуу жана тариздөө;

510

 

2) алыскы чет өлкөлөрдөгү чет өлкөлүк мекемелерде документтерди кабыл алуу жана тариздөө

510

9

Баланын жарандыгын тандоо жөнүндө документтерди тариздөө:

 

 

- баланын жарандыгын тандоо жөнүндө ата-энелердин биргелешкен арызын кабыл алуу жана тариздөө

10

10

Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоо (Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендиги фактысын аныктоо)

10/50

11

Жарандык абалдын актыларын жазууларды каттоо:

 

 

1) никеге турууну каттоо жана нике тууралуу күбөлүктү берүү;

 

 

- КМШ өлкөлөрүндөгү чет өлкөлүк мекемелерде;

10

 

- алыскы чет өлкөлөрдөгү чет өлкөлүк мекемелерде;

10

 

2) соттон тышкаркы тартипте никенин бузулушун каттоо жана никени бузуу жөнүндө күбөлүк берүү (ар бир тарапка);

 

 

- КМШ өлкөлөрүндөгү чет өлкөлүк мекемелерде;

50

 

- алыскы чет өлкөлөрдөгү чет өлкөлүк мекемелерде;

50

 

3) фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу материалдарды кабыл алуу, каттоо жана тариздөө:

 

 

- КМШ өлкөлөрүндөгү чет өлкөлүк мекемелерде;

10

 

- алыскы чет өлкөлөрдөгү чет өлкөлүк мекемелерде;

10

 

4) туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү:

10

 

- КМШ өлкөлөрүндөгү чет өлкөлүк мекемелерде;

 

 

- алыскы чет өлкөлөрдөгү чет өлкөлүк мекемелерде

10

12

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан аткарылуучу нотариалдык иш-аракеттер

10

13

Мүлктү пайдалануу жана тескөө укугуна ишеним кат берүү:

 

 

- автотранспорт каражаттарын;

10

 

- кредиттик операцияларды аткарууга;

10

 

- акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды алууга ишеним кат

10

14

Камкорчулук, мураскордук жана башка мүлктүк иштерди жүргүзүү жана алар менен байланышкан нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу

20