Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Элчиси Э.Ибраимов менен Белорус Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министринин орун басары- ветеринардык жана азык-түлүктү көзөмөлдөө Департаментинин Директору И.Смильгин менен эки тараптуу жолугушуусу

4589

     2021-жылдын 1-мартында, Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Элчиси Эрмек Ибраимов менен Белорус Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министринин орун басары- ветеринардык жана азык-түлүктү көзөмөлдөө Департаментинин Директору Иван Смильгин менен жолугушуусу болуп өттү.

       Жолгушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун жана кыргыз-белорус Өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиясынын Протоколунда жазылган иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча маселелер талкууланды.

          Элчи Э.Ибраимов жаӊы технологиялардын негизинде малды идентификациялоо, көзөмөлдөө системасын түзүү жана иштетүү боюнча Белорусиянын бай тажрыйбасын эске алып, кыргыз адистерин ушул тармакта окутуу боюнча кыргыз тараптын сунушун билдирди.

        Өз кезегинде И.Смильгин ветеринардык багытта кыргызстандык адистерди окутуп берүүгө жана тажрыйбалары менен бөлүшүүгө белорус тарап даяр экендигин белигледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK