Балдар арасында өткөрүлгөн сурөт боюнча конкурсу
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Элчилигинде кыргызстандык балдар арасында «Менин мекеним –Кыргызстан» аттуу сүрөт конкурсу уюштурулду.
Конкурстун максаты – балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү жана аны жайылтуу, ошондой эле балдардын Мекенине болгон сүйүүсүн жана сезимин ойготуу болуп саналат. Конкурска катышкан балдардын эӊ кенжеси – 4 жашта, улуусу 12 жашта болду.
Конкурска катышкан балдарга өз мекенинин кооздугун сүрөт аркылуу чагылдыруу сунушталган. Бул акция балдарды чыгармачылык жактан шыктандырып, сүрөт тартууда өздөрүнүн таланттарын көрсөтүштү.
Конкурстун жыйынтыгында Элчи Э.Ибраимов Элчиликтин иш-чарасына активдүү катышканы үчүн балдарга ыраазычылык билдирип, окууларына ийгилик каалады.