Литвадагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Литва Республикасынын Тышкы иштер министри Линас Линкявичус менен эки тараптуу жолугушуусу

3872

2019-жылдын 25-мартында Литвадагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Литва Республикасынын Тышкы иштер министри  Линас Линкявичус менен  эки тараптуу жолугушуусу болду.

Жолугушуу учурунда кыргыз-литвалык саясий жана соода-экономикалык кызматташуунун, маданий-гуманитардык мамилелердин учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Тараптар европалык стандарттарга шайкеш келген стандарттоо жана сертификаттоону киргизүү, жаӊы сертификатталган лабораторияларды  куруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушунун аягында, Литванын Тышкы иштер министри Литва менен Кыргызстандын ортосунда мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымына, ошондой эле кыргыз тоолорундагы 4 чокуну литвалык аталыштар менен түбөлүккө калтырууга көмөктөшкөнү үчүн Кыргызстандын элчисине ыраазычылык билдирип, келечектеги дипломатиялык кызматына ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде, К.Өмүралиев литва тарапка кызматташуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, ошол эле мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы  кызматташуу күчөтүлгөнүн белгиледи жана мындан ары дагы Кыргызстан менен Литванын ортосунда эки тараптуу кызматташуу өз нугунда өнүгө берет деген ишенимин билдирди.

  • Литвадагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Литва Республикасынын Тышкы иштер министри  Линас Линкявичус менен  эки тараптуу жолугушуусу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK