2019-жылдын 26-мартында туруктуу өкүлдөрдүн Кеӊешинин жана экономикалык маселелер боюнча Комиссиянын Биргелешкен жыйынына Элчи К.Өмүралиевдин катышуусу тууралуу

3742

Белорус Республикасында дипломатиялык миссиясы аяктап жаткан КМШнын негизги жана башка органдарындагы  Кыргыз Ресубликасынын Туруктуу толук ыйгарымдуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу Элчиси К.Өмүралиев 2019-жылдын 26-мартында КМШнын негизги жана башка органдарында  Туруктуу толук ыйгарымдуу өкүлдөрдүн жана КМШнын Экономикалык кеӊешинин экономикалык маселелер боюнча Комиссиясынын Биргелешкен жыйынына катышты.

Көп жылдаган жана КМШны бекемдөө боюнча жемиштүү аткарган иштери үчүн К.Өмүралиевге КМШнын Аткаруу комитетинин Грамотасы жана куттуктоо каты тапшырылды.

КМШнын Аткаруу комитетинин Төрагасы-Аткаруучу катчысы С.Лебедевдин куттуктоо катында Элчи К.Өмүралиев Кыргыз Республикасынын КМШдагы төрагалыгы учурунда Шериктештикти бекемдөөгө кошкон чоӊ салымы белгиленген. Элчи К.Өмүралиевдин төрагалыгы алдында Туруктуу өкүлдөрдүн Кеӊешинде заманбап талаптарга шайкеш келтирүү жана ишемердүүлүктү күчөтүүгө багытталган КМШ негизги документтери иштелип чыккандыгы белгилеген.

Элчи К.Өмүралиев туруктуу өкүлчүлүктүн Кеӊешинин мүчөлөрүнө, жетекчилигине жана КМШнын Аткаруу комитетинин кызматкерлерине КМШнын чегинде кызматташуунун бекемдөөгө жана Шериктештин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун көтөрүүгө багытталган биргелешкен активдүү иштер үчүн ыраазычылыгын билдирди. КМШ пайдалуу жана дарамети күчтүү орган деген ишенимин билдирди.

  • 2019-жылдын 26-мартында туруктуу өкүлдөрдүн Кеӊешинин  жана экономикалык маселелер боюнча Комиссиянын Биргелешкен жыйынына Элчи К.Өмүралиевдин катышуусу тууралуу
  • 2019-жылдын 26-мартында туруктуу өкүлдөрдүн Кеӊешинин  жана экономикалык маселелер боюнча Комиссиянын Биргелешкен жыйынына Элчи К.Өмүралиевдин катышуусу тууралуу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK