Латвиядагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Рига шаарына иш сапары менен барып келди

3558

2019-жылдын 25-мартында Латвиядагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Рига шаарына иш сапары менен барып келди.

Иш сапардын жүрүшүндө, Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Латвия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Андрис Пелшс менен эки тараптуу жолугушуусу болду.

Андрис Пелшс Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Латвия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерин чыӊдоого багытталган активдүү иштери үчүн ыраазычылык билдирдип, ошондой эле келечекте экономика, билим берүү жана туризм тармагындагы байланыштарды арттыруу аракеттеринин маанилүүлүгүн белгилешти. Мамлекеттик катчы Латвиянын мамлекеттик башкаруу жана улуттук экономикасын өнүктүрүү боюнча зор тажрыйбасы бар экенин белгилеп, алар Кыргызстан үчүн пайдалуу болот деп ишендирди. Тараптар чек ара, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, башкаруу жана сот адилеттик органдары үчүн кадрларды даярдоо тармагында кызматташуу маселесин, ошондой эле айыл-чарба азыктарын стандартташтыруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Мамлекеттик катчы Латвия Борбордук Азия жана Европалык уюмдун ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүнү колдоп, бул тармактар боюнча саясий жана практикалык  салымын уланта берээрин билдирди.

Өз кезегинде, Кубанычбек Өмүралиев латвия тарапка кызматташуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, ошол эле мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы  кызматташуу күчөтүлгөнүн белгиледи жана мындан ары дагы Кыргызстан менен Латвиянын ортосунда эки тараптуу кызматташуу өз нугунда өнүгө берет деген ишенимин билдирди.

Ошондой эле, 2019-жылдын 25-мартында Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Латвия Парламентинин Төрагасынын орун басары Дагмар Бейтнере-Ле Галла менен эки тараптуу жолугушуусу болду. Жолугушуу учурунда тараптар парламенттер аралык сүйлөшүүлөрдүн алкагында кыргыз-латвиялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Төраганын орун басары Кыргызстанды Борбордук Азиядагы жалгыз парламенттик өлкө деп белгилеп, ага жардам көрсөтүү Латвия үчүн маанилүү деп белгиледи. Тараптар эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда тыгыз кызматташуу түзүлүшүнө үмүттөнөөрүн билдирди. Дагмар Бейтнере-Ле Галла Кыргызстан менен кызматташуу боюнча Латвия парламентинде достук тобун түзүүгө көмөк көрсөтөөрүн белгиледи.

  • Латвиядагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Рига шаарына иш сапары менен барып келди

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK