Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.С.Ибраимов менен Белоруссиянын Элдик чогулушунун Өкүлдөр палатасынын Төрагасы В.П.Андрейченко жолугушуунун жыйынтыгы боюнча

620

Бүгүн, 18-январда Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Е.С.Ибраимова менен Белоруссиянын Элдик чогулушунун Өкүлдөр палатасынын Төрагасы В.П.Андрейченко жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуусунда Элчи Э.Ибраимов В.П.Андрейченкону Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т.Шакиевдин юбилейлик датага карата куттуктоо катын жолдоду.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун алкагында да, Евразия мейкиндигиндеги эл аралык парламенттик уюмдардын алкагында да, парламенттер аралык кызматташуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Беларусь парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы В.П.Андрейченко белгилегендей, Беларусь кыргыз-беларус мамилелерин өнүктүрүүгө чоң көңүл бурат. Буга байланыштуу кызматташууну, биринчи кезекте соода-экономикалык чөйрөсүн жогорулатуу зарыл. Бүгүнкү күндө өткөн жылы 1,5 эсеге өскөн товар алмашуу тенденциясы бар экенин баса белгиледи.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т.Шакиевдин Беларусь Республикасына быйылкы жылы расмий сапарын уюштуруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин жана Беларусь Республикасынын Улуттук чогулушунун ортосундагы парламенттер аралык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу маселеси талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK