Кыргызстандын Элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун Президенти Александр Лукашенкого ишеним грамотаны тапшырды

190

Үстүбүздөгү жылдын 15-февралында, Минск шаарынын Эгемендүүлүк сарайында Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкого Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаевдин ишеним грамотаны тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Салтанаттын жүрүшүндө Александр Лукашенко Кыргызстан Беларустун досу жана ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдары өз ара сооданын көлөмү тынымсыз өсүүдө, бирок өлкөлөр бул тармакта дагы көп нерсеге жетише алышат.

Өз кезегинде Элчи Э.Султанбаев каалоо-тилектерге ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу саламын айтты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK