Элчи Э.Султанбаев «Беллегпром» концернинин төрайымы Т.Лугина менен жеңил өнөр жай тармагындагы өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыктарын талкуулады

156

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев «Беллегпром» концернинин төрайымы Татьяна Лугина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар Кыргызстан менен Беларустун жеңил өнөр жай тармагындагы өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыктарын талкуулашты.

Бул багыттагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн Элчи Эрбол Султанбаев тараптардын өз ара мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен текстиль жана тигүү өндүрүшүндө биргелешкен кызматташууну уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Ошондой эле Концерндин ишканалары чыгарган кездемелерди Кыргызстандын рыногуна жеткирүү жана Кыргызстандын тигүү ишканаларына Беларуста өндүрүлгөн кездемелерден кийим тигүү жана башка буюмдарга заказдарды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

«Беллегпром» концернинин төрайымы Татьяна Лугина бул багыттар боюнча кыргыз тарап менен өз ара аракеттенүүнү жылдырууга даяр экенин белгиледи. Буга байланыштуу ал жакынкы аралыкта Кыргызстанга келүүгө, анын ичинде текстиль буюмдарынын ар кандай көргөзмөлөрүнө катышууга кызыкдар экенин билдирди.

Маалымат үчүн: Беллегпром жеңил өнөр жай товарларын чыгаруучу жана сатуучу ишканаларды бириктирет (мурдагы Беларусь Республикасынын Жеңил өнөр жай министрлигинин базасында). Концернге 60-тан ашык уюм кирет жана 30 миңден ашык кызматкер иштейт. Алар текстиль, тигүү, трикотаж жана булгаары-бут кийим сыяктуу тармактарга бөлүнөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK