Кыргызстандын Элчилиги XXXI Минск эл аралык китеп жарманкесине катышты

177

Үстүбүздөгү жылдын 14-мартынан 17-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилиги XXXI Минск эл аралык китеп жарманкесине катышууда. Көргөзмөнүн уюштуруучулары Беларусь Республикасынын Маалымат министрлиги жана Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министрлиги.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын элчилиги Кыргыз Республикасынын басма жана китеп продукцияларын тартуулады. Стенддерде “Манас” эпосунун үчилтиги, Чыңгыз Айтматовдун китептери, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун китеби «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты» жана башка материалдар коюлду.

Ошондой эле көргөзмөнүн конокторуна Кыргызстан жана анын туристтик потенциалы тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, салттуу кийизден жасалган буюмдар көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK