Элчи Эрбол Султанбаев Минскиде өтүп жаткан “Отдых-2024” эл аралык туристтик көргөзмөдө өлкөнүн туристтик потенциалы тууралуу айтып берди

117

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти менен биргеликте Минск шаарында өтүп жаткан салттуу эл аралык “Отдых-2024” туристтик көргөзмөсүнө катышты.

Иш-чарага алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин, дипломатиялык корпустун, туристтик агенттиктердин жана компаниялардын өкүлдөрү катышууда.

Эл аралык көргөзмөнүн аянтында Кыргызстандын туристтик павильону уюштурулуп, анда тиешелүү туристтик маалыматтарды камтыган стенддер, фото-видео материалдар жана брошюралар көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы тууралуу презентация жасап, иш чаранын конокторун жана катышуучуларын Кыргызстанга өздөрүнө ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы эл аралык ири туристтик “Отдых-2024” көргөзмөсүнө биринчи жолу катышууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK