Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Элчиликтин жалпы жамааты Эрик Акматбекович Асаналиевдин узакка созулган ооруга байланыштуу дүйнө менен кош айтышкандыгына байланыштуу, терең кайгыруу менен жакындарына, туугандарына көңүл айтат.

5348

Э.Асаналиев, Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы, ошол эле учурда Латвия жана Литвадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болгон бүт өмүрүн элине жана Мекенине кызмат кылууга арнаган. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматына көп жылдык эмгеги сиңип, Кыргызстандын чет өлкөлөр менен болгон эки жана көп тараптуу мамилелеринин өнүгүүсүнө зор салымын кошкон, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жамаатында салмактуу орду бар, татыктуу абройго ээ болгон.  Анын өрнөктүү өмүрү, жаркын элеси түбөлүк эсибизде сакталат.

Элчиликтин кызматкерлери орду толгус оор жоготууга учурап турган ушул кыйын кырдаалда жакындарынын кайгыларын тең бөлүшөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK