2019-жылдын 4-мартында Минск шаарындагы «Беларусь» кинотеатрында Белорус Республикасындагы Кыргыз кино күндөрүнүн расмий ачылышы болду

3865

2019-жылдын 4-мартында  Минск шаарындагы «Беларусь» кинотеатрында Белорус Республикасындагы Кыргыз кино күндөрүнүн расмий ачылышы болду.

Иш-чаранын ачылышында Кыргызстандын Белорусиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Белорусия Республикасынын Маданият министринин биринчи орун басары Наталья Карчевская жана КМШнын Аткаруу комитетинин Төрагасынын биринчи орун басары Виктор Гуминский куттуктоо сөздөрү менен чыгып сүйлөштү.

Кыргыз кино күндөрүнө Белорусиянын министрликтери жана мекемелеринин, чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын башчылары жана өкүлдөрү, маданият ишмерлер, чыгармачыл интелигенция, студенттер жана мекендештер катышышты.

2919-жылдын 4-мартынан 6-мартына чейин Минскиде өтүп жаткан Кыргыз кино күндөрү Белорусиянын Маданият министрлигинин колдоосу жана Элчиликтин демилгеси  менен өтүп жатат.

Белрусиядагы Кыргыз кино күндөрүндө режиссер Т.Океевдин «Кызыл алма», Актан Арым Кубаттын «Кентавр», Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» фильмдери көрсөтүлөт.

  • 2019-жылдын 4-мартында  Минск шаарындагы «Беларусь» кинотеатрында Белорус Республикасындагы Кыргыз кино күндөрүнүн расмий ачылышы болду
  • 2019-жылдын 4-мартында  Минск шаарындагы «Беларусь» кинотеатрында Белорус Республикасындагы Кыргыз кино күндөрүнүн расмий ачылышы болду

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK