«Брест-2019» IV-Эл аралык форум-көргөзмөнүн ишинде каттышты

3536

Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Айымкан Кулукеева «Брест-2019» IV-Эл аралык форум-көргөзмөнүн ишине катышты.

Аталган Форумдун негизги багыты: айыл-чарба, өнөр-жай, энергетика, машина куруу ж.б. болуп, бизнес менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, инвесторлор менен инвестиция издөөчүлөрдүн ортосунда байланыш түзүүгө, ар кандай келишим-макулдашууларга кол коюуга мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Форумдун алкагында Брест облустук аткаруу комитетинин төрагасы-губернатор Анатолий Лис менен форумга катышкан дипломатиялык корпустун башчылары жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча, тактап айтканда экономикалык байланыштарды күчөтүү, ишкердик байланыштарды жөнгө салуу жана маданий-гуманитардык мамилелерди бекемдөө боюнча пикир алмашышты.

А.Кулукева өз сөзүндө эки өлкөнүн региондорунун ортосунда эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында Баткен облусу менен Брест облусунун ортосунда достук жана өз ара кызматташуу тууралуу Макулдашууга кол коюуну сунуштады.

А.Лис бул сунушту колдоп, тиешелүү макулдашууга кол коюуну колдоду.

  • «Брест-2019» IV-Эл аралык форум-көргөзмөнүн ишинде каттышты
  • «Брест-2019» IV-Эл аралык форум-көргөзмөнүн ишинде каттышты
  • «Брест-2019» IV-Эл аралык форум-көргөзмөнүн ишинде каттышты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK