КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Литва Республиканын Сейминин (Парламент) «Литва-Кыргызстан» достук тобунун төрагасы Зенонас Стрейкус менен жолугушушту

994

2022-жылдын 29-ноябрында Вильнюс шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Литва Республиканын Сейминин (Парламент) «Литва-Кыргызстан» достук тобунун төрагасы Зенонас Стрейкус менен жолугушушту.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Литванын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев кыргыз тарап үчүн парламентаризм, ошондой эле жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган мыйзам долбоорлорун кабыл алуунн жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар парламентарийлердин ортосундагы сапарлар менен алмашуу байланыштарды чыңдоонун негизги бөлүгү катары белгилешип, ошондой эле Кыргызстан менен Литванын парламенттериндеги достук топторунун ортосунда тыгыз байланыш түзүүнүн зарылчылыные белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK