2019-жылдын 18-мартында Кыргызстандын Минскидеги Элчилиги Белорус Республикасындагы Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикистан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан өлкөлөрү, ошондой эле КМШнын Уставдык жана башка органдарындагы Россиянын Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан биргелешип уюштурулган эл аралык Нооруз майрамына катышты

3584

2019-жылдын 18-мартында Кыргызстандын Минскидеги Элчилиги Белорус Республикасындагы Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикистан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан өлкөлөрү, ошондой эле КМШнын Уставдык жана башка органдарындагы Россиянын Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан биргелешип уюштурулган эл аралык Нооруз майрамына катышты.

Аталган иш-чарага Белорус Республикасындагы аккредитацияланган чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары, Белорус Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана КМШнын Аткаруу Комитетинин жетекчилиги конок катары келишти.

Майрамдык иш-чарада Элчиликтин кызматкерлери Кыргызстандын элдик кол өнөрчүлүк буюмдарын, улуттук тамак-аштын түрлөрүн көргөзмөгө коюп, келген конокторду даам сызууга чакырышты.

Маданий ар түрдүүлүктү сактоого  жана элдердин ортосундагы достукту чыӊдоого багытталган бул улуттук майрамга карата белорус тараптын жана чет өлкөлүк дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн кеӊири кызыгуусу артты.

Иш-чаранын коноктору тарабынан Нооруз майрамы кеӊ пейилдикке, ар кандай муундардын жана үй-бүлөлөрдүн ортосундагы тынчтыкка жана тилектештикке, ошондой эле бири-бирин кечиришүүгө жана ынак коӊшулукка чакырган майрам экени белгиленди.

  • 2019-жылдын 18-мартында Кыргызстандын Минскидеги Элчилиги Белорус Республикасындагы Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикистан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан өлкөлөрү, ошондой эле КМШнын Уставдык жана башка органдарындагы Россиянын Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан биргелешип уюштурулган эл аралык Нооруз майрамына катышты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK