Ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн онлайн тапшыруу аземи

3226

Коронавирус илдетинин дүйнөдө таралышына байланыштуу, ошондой эле латвиялык тарабынан киргизилген чектөөлөрүн эске алуу менен бирге, 2021-жылдын 30-сентябрында резиденциясы Минск шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Ибраимов Латвия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Андрис Пелшске чакырып алуу жана ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Жолугушуу учурунда Тараптар эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелер ортосундагы саясий консультацияларды уюштуруу жолу менен эки тараптуу экономикалык кызматташтыктын чөйрөсүн андан ары кеңири өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасы Латвия Республикасы менен кызматташуусу, анын ичинде COVID-19 пандемиясынын таралышына каршы биргелешкен иш-аракеттерди күчөтүү боюнча маселелер талкууланды.

Эл аралык жана регионалдык күн тартибинде турган негизги маселелер боюнча ачык жана конструктивдүү пикир алмашуу алкагында, анын ичинде БУУ, ЕБ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын аянтчаларда тараптардын өз ара аракеттенүүсү да белгиленди.

  • Резиденциясы Минск шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасындагы Элчиси Э.Ибраимовдун Латвия Тышкы иштер министрилигинин Мамлекеттик катчысы А.Пелшске ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыруу онлайн аземинде катышуусунун жыйынтыгы

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK