Кыргыз Республикасынын жарандарынын назарына!!!

326

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилиги мекендештердин көңүлүнө, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» Мамлекеттик ишканасы менен биргелешкен иштин жыйынтыгы боюнча, 2023-жылдын 16-мартынан тартып, башкы кадамда паспортторду тариздөөдө, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жүргөн мекендештер VISA, Master Card, Элкарт эл аралык жана аймактык төлөм системалары аркылуу Кыргыз Республикасынын паспортторун тариздөөдөгү кызматы үчүн чыгымдарды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кызмат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм күнүндөгү курсу боюнча чет өлкөлүк валютаны Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына автоматтык түрдө конвертациялоону камсыз кылат.

Төлөмдү жүргүзүү үчүн арыз ээси https://payment.infocom.kg/ сайтында кызматтын төлөм кодун жана банк картасынын реквизиттерин киргизүү зарыл. Колдонуучунун колдонмосу көрсөтүлгөн сайтта жайгаштырылган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK