Кыргызстандын Беларустагы Элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун Маалымат министри Владимир Перцов менен жолугушту
Ушул жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев менен Беларусь Республикасынын Маалымат министри Владимир Перцовдун жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маалымат чөйрөсүндө, полиграфия жана китеп басып чыгаруу жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Тараптар биргелешкен пландарды белгилеп, айтылган багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү ниетин билдиришти.