Маданий-гуманитардык кызматташтык

Кыргыздын тарыхын жана маданиятын популяризациялого маданий карым катнашты кеңейтүүгө Бельгияда чоң коңүл бурулат.

2012 ж., октябырында Льеж ш. делегациясы, эки өлкөнүн ортосундагы каарым-катнаш мамилелерин бекитүү, ошондой эле соода, илим жана маданият жаатындагы кызматташтык суроолорун талкулоо максатында Бишкек шаарына келди. КР Соода өнөр жай Палатасынын өкүлдөрү, КР Экономика Министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Улуттук Университети менен жолугушуулар өттү. Делегациянын курамында Льеж шаарынын мэриясы, Льеж Университети, AWEX Агенттиги киришти.

2015 ж., 9 майдын Улуу Ата Мекендик согуштун 70-жылдык женишине жана аякташына, кыргызстандыктардын ага кошкон салымы жөнүндө, фото көргөзмөсү өттү.

2015 ж., июнунда кыргыз мамлекеттик "Ак марал" бий ансамбли Брюсель шаарында "ВOZAR" аттуу көркөм өнөрчүлүктүн сарайында "Ала-Тоонун мелодиясы" аттуу концерт уюштурушту.

2015 ж., 6 июнунда, жаш балдар бий жамааты жана Кыргызстандын жаш солисттери, бий номенациясында биринчи орунду жана "Дүйнө боектору" XIII Тил жана Маданият боюнча Эл Аралык Фестивалынын гала концертинде ардак жана сыйлуу орундарга ээ болушту.

2015 ж., сентябрында Гент ш. Бельгиялык сүрөтчү Элизабет Каллепс, кыргыз элинин өзгөчөлүктөрүн чагылдырган көргөзмөсүнүн бетачары өттү. Октябрда Элчилик "ACАFK" француз-кыргыз достук Көркөм өнөрчүлүк жана Маданият Ассоциациясы менен биргеликте кыргыз эстрадасынын концертин; "М.Атабеков, Омар, Арсен" катышуусунда өткөрдү.

Дүйнөгө таанымаал атактуу жазуучу, КРнын Бельгиядагы экс-элчиси Ч.Айтматовдун туулган күнүндө 12 декабрь 2015 ж., пианист Л. Григориан, опердик ырчысы Ж.Раимбекованын катышуусунда музыкалык инструменттердин музейинде, классикалык музыканын концерти уюштурулду. Кыргыз маданияттын элге жарыяло максатында 2016 ж., январь, февраль айларында Бельгия кинотеатрларында француз режисеру В.Робиноттун КР да болгон сапары жөнүндө "Адам жана ат" - деген документалдуу кино - тасмасы көргөзүлдү.

2016 ж., 3 июнунда Брюсель шаарынын "Форе" аттуу концерттик залында, Кыргызстан "Дүйнөлүк боектор" Эл аралык Фестивалинын гала концертинде Кыргыз-Түрк Лицейинин көркөм жамааты аркылуу белгиленди.

2017 ж., 2-5 март Брюсель шаары Артур Гримио атандагы Эл аралык жаш скрипкачылар Конкурсуна катышкан, Кыргызстандын жаш скрипкачыларына көмөк көрсөтүлгөн.

2017 ж., 25 мартта - дипломатиялык мамилердин 25 жылдыгына арнап, Бельгияда КР Элчилиги Генк шаарында Нооруз майрамын майрамдышты. Өткөрүлгөн иш чара бир гана улуттук калоритти жана өлкөнүн маданиятын чагылдырбастан, ошондой эле 2017 ж., туристик сезондун жакындаганына байланыштуу 500 гө чукул бельгиялыктарга Кыргызстандын туристик жана инвестициялык потенциялын демонстрациялады.

2017 ж., 18-30 апрелде " МОООV" аттуу Эл аралык Кинофестивалдын алкалында Бельгиянын шаарлары Брюге жана Тюрнхаутта, кыргыз режисеру Актан Арым Кубаттын Фестивалдан эн жакшы фильм катары негизги сыйлыкты алган, "Кентавр" кино-тасмасынын көрсөтүлүшү уюштурулган.

2017 ж., 29 апрелинде Брюсель шаарында Бельгиядагы КР Элчилиги кыргыз туристтик компания "Nomadstan" менен белгиликте Кыргызстандын туризм жаатындагы, потенциялы жөнүндө презентацияны тартулоо менен кыргыз элинин Маданият Кечесин өткөрдү.

2018 ж., 16 январда Брюсель шаарында Элчилик тараптан уюштурулган көмөктүшүүнүн негизинде Бельгиядагы кыргыз диаспорасынын, ырчы Умутай Абдышова жана төкмө акын Кубат Тукешовдун катышуусунда кыргыздын фольклордук музыкасынын концертти өттү. Концерттин жүрүшүндө Кыргызстан жана анын улуттук ашканасы жөнүндө презентация коюлду.