Виза маселелери

Чет мамлекеттин жарандарына Кыргыз Республикасына кирүү, территориясында болуу жана Кыргыз Республикасынан чыгуу жарактуу жалпы жарандык паспорттун жана Кыргыз Республикасынын Элчилигинин тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын визасынын негизинде уруксат берилет.

Е-ВИЗА тууралуу маалымат (www.evisa.e-gov.kg)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын визасын алуу жол-жоболорун жеңилдетүү максатында, электрондук виза порталын ишке киргизди.

Кыска мөөнөттөгү виза алууну каалагандар, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылбастан жөнөкөй эки эреженин негизинде ала алат: арыз берүү жана онлайн-төлөөнүн негизинде. 

Электрондук виза, виза үчүн берилген арыздагыдай көп маалыматты талап кылбайт жана паспорттогу виза сыяктуу эле Кыргыз Республикасынын аймагына чыгуу үчүн ошол эле укуктарды кепилдейт. 

Бул портал аркылуу электрондук виза алуу көптөгөн артыкчылыктарды берет. Сиздердин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине барууңуздар жана документтерди көрсөтүүңуздөр зарыл эмес. 

Биз үчүн төлөмдү ишке ашыруу үчүн интернет/кредиттик/дебеттик карта жана сиздин документтин сканерден өткөн көчүрмөсү керек. 

Сиз электрондук визаны алууну Башкы бет бөлүгүнөн текшере аласыз >>> Mаалыматтар >> Өлкөлөр боюнча маалымат жана өлкөнү тандоо.

Толугураак маалыматты “Электрондук визанын” www.evisa.e-gov.kg сайтынан же evisa.kg@mfa.gov.kg дарегине электрондук кайрылуу жасап алсаңыздар болот.

Визалык жана визасыз режимдер

Кыргыз Республикасынын “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, төмөнкү мамлекеттердин жарандарына карата 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу визасыз режим киргизилген:

1. Австралийский союз

2. Австрийская Республика

3. Королевство Бельгия

4. Босния и Герцеговина

5. Ватикан

6.Соединенное Королевство Великобритании и Северной Ирландии

7. Венгрия

8. Федеративная Республика Германия

9. Королевство Нидерландов

10. Греческая Республика

11. Королевство Дания

12. Исландия

13. Ирландия

14. Королевство Испания

15. Итальянская Республика

16. Канада

17. Республика Корея

18. Государство Кувейт

19. Латвийская Республика

20. Литовская Республика

21. Княжество Лихтенштейн

22. Великое Герцогство Люксембург 

23. Республика Мальта

24. Княжество Монако

25. Новая Зеландия

26. Королевство Норвегия

27. Объединенные Арабские Эмираты 

28. Республика Польша

29. Португальская Республика

30. Королевство Саудовская Аравия 

31. Республика Сингапур

32. Словацкая Республика

33. Республика Словения

34. Соединенные Штаты Америки

35. Финляндская Республика

36. Французская Республика

37. Республика Хорватия

38. Чешская Республика

39. Швейцарская Конфедерация

40. Королевство Швеция

41. Эстонская Республика

42. Государство Катар

43. Государство Бруней-Даруссалам

44. Королевство Бахрейн

45. Япония 

46. Черногория

47. Княжество Андорра

48. Аргентинская Республика

49. Федеративная Республика Бразилия

50. Республика Сан-Марино

51. Республика Чили

52. Султанат Оман

 

Жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режим

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июлундагы № 1252011-жылдын 25-июлундагы №4052015-жылдын 23-июлу № 5222017-жылдын 15-мартындагы № 158 токтомдоруна ылайык, төмөнкү мамлекеттердин жарандарына жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режим колдонулат:

  1. Албания

  2. Болгария

  3. Македония

  4. Сербия

  5. Румыния

  6. Венесуэла

  7. Мексика

  8. Кипр

  9. Израиль

  10. Турция

  11. Индонезия

  12. Филиппины

  13. Таиланд

  14. Южно-Африканская Республика 

  15. Иран (*)

  16. Алжир (**)

  17. Бангладеш (**)

  18. Египет (**)

  19. Индия (**)

  20. Иордания (**)

  21. Ливан (**)

  22. Марокко (**)

  23. Непал (**)

  24. Пакистан (**)

  25. Тунис (**)

  26. Шри-Ланка (**)

(*) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларынын "ишкердик" жана "туристтик" категорияларына гана карата.

(**) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларынын "туристтик" (1 айга чейин) категориясы боюнча жашап турууга уруксаты (резидент карталары) бар төмөндөгү чет мамлекеттердин жарандарына карата гана: Бириккен Араб Эмирликтери, Кувейт Мамлекети, Катар Мамлекети, Бруней Даруссалам Мамлекети, Оман Султандыгы жана Бахрейн Королдугу.

 

Виза түрлөрү боюнча маалымат:

Дипломатиялык виза ("D" тиби) Кыргыз Республикасына кызмат иштери боюнча келген, дипломатиялык паспорту бар чет өлкөлүк жаранга таризделет.

Дипломатиялык виза төмөнкүлөргө таризделет:

- чет өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчыларына, аларды коштоп келген үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле чет өлкөлүк расмий делегациялардын мүчөлөрүнө - виза 30 күндүк мөөнөткө чейин, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык

- чет өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде дипломатиялык же консулдук кызматты ээлеген адамга, Кыргыз Республикасында иммунитеттер же артыкчылыктарды колдонгон Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызмат адамына, ошондой эле алардын дипломатиялык иммунитеттер жана артыкчылыктарды колдонгон үй-бүлө мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана балдарына, ошондой эле багуудагы ата-энесине), - эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык 1 жылдык мөөнөткө чейин виза берилет

- чет өлкөлүк дипломатиялык курьерге - 90 күндүк мөөнөткө чейин виза берилет, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык.

Кызматтык виза ("О" тиби) Кыргыз Республикасына кызмат иштери боюнча кирүүчү, кызматтык/расмий паспорту болгон чет өлкөлүк жаранга берилет. Кызматтык виза төмөнкүлөргө таризделет:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чакыруусу боюнча кызматтык иштери боюнча келген чет өлкөлүк жаранга 90 күндүк мөөнөткө чейин виза берилет

- Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин администрациялык-техникалык жана тейлөөчү персоналынын мүчөсүнө, же Кыргыз Республикасында эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызматкерине, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана балдарына, ошондой эле анын багуусундагы ата-энесине), эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык 1 жылга чейинки мөөнөткө виза берилет

- дипломатиялык почтаны ташуучу дипломатиялык паспорту болбогон чет өлкөлүк курьерге - эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык 90 күндүк мөөнөткө чейин виза берилет.

Инвестициялык виза ("I" тиби) Кыргыз Республикасында инвестициялык ишти жүргүзгөн жана өндүрүштүк, өнөр жай, айыл чарба, банк, энергетика, билим берүү, медициналык жана инженердик курулуш максатында, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар үчүн арналган 10 (он) миллион сомдук суммага эквиваленттүү акчалай же материалдык баалуулуктардын өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын экономикасына салымын ырастоочу керектүү документтерди тапшырган инвестордун өзүнө же чет өлкөлүк инвестициялык компаниянын башчысына 3 жылга чейинки мөөнөткө виза таризделет.

Эмгек визасы ("W" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүгө же жеке ишкердик ишин жүргүзүүгө уруксат алганы келген арыз ээсине таризделет. Бул виза арыз ээсине эмгектенүү же жеке ишкердик ишти жүргүзүү укугусуз Кыргыз Республикасынын аймагына 60 күндүк мөөнөткө кирүүгө укук берет.

Эмгектенүүгө уруксат алганда арыз ээсине Консулдук кызмат жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМдин ЫӨ тарабынан эмгектенүү уруксатын колдонуу мөөнөтүнө, бирок 1 жылдан ашпаган эмгек визасы ("W" тиби) таризделет.

Атайын эмгек визасы ("SW" тиби) Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке уруксат алуусуз, эмгектенүүнүн башка тартиби каралган арыз ээсине, ошондой эле кайрымдуулук фонддорунун кызматкерлерине 60 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.

Атайын эмгек визасы ("SW" тиби) ККД, Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан миграция же аккредитация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкатынын (журналисттер жана кабарчылар үчүн) же мамлекеттик органдардын кайрылуусунун (Кыргыз Республикасынын аймагында долбоорлорду ишке ашыруучу кайрымдуулук фонддорунун кызматкерлери үчүн) негизинде, бирок 1 жылдан ашпаган мөөнөткө таризделет.

Окуу визасы ("S" тиби) Кыргыз Республикасына келүүчү арыз ээсине окуудан өтүү үчүн 90 күндүк мөөнөткө чейин таризделет.

Кыргыз Республикасынын аймагында окуу визасы ("S" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү мекемелеринде окуган учурда 1 жылга чейинки мөөнөткө таризделет.

Ишкердик виза ("В" тиби) Кыргыз Республикасына ишкердик максатта, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана юридикалык жактар, ошондой эле экономикалык дипломатия боюнча долбоорлордун алкагында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери уюштурган сүйлөшүүлөргө, конференцияларга жана кеңешмелерге, спорттук иш-чараларга катышуу үчүн келген арыз ээсине 60 күндүк мөөнөткө чейин таризделет.

Айдоочулук виза ("Т" тиби) Кыргыз Республикасына эл аралык жүк ташуу үчүн жүк ташыган автотранспорт менен келүүчү чет өлкөлүк жарандарга таризделет.

Айдоочулук виза, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкасы каралбаса, же өз ара жактыруучулук принциптеринде арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагына болгон бир жолку сапарында 30 күндөн ашпаган мөөнөт ичинде жүрүү шарты менен 6 айлык мөөнөткө чейин таризделет.

Атайын мейман визасы ("SG" тиби) Кыргыз Республикасына ар кандай ишкердик же жеке мүнөздөгү максаттар менен келген арыз ээсине Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин тапшырмасы боюнча 1 жылдан ашык эмес мөөнөткө таризделет.

Туугандар виза ("RL" тиби) жакын туугандарына келүү жана үй-бүлөсү менен кошулуу учурунда арыз ээсине 1 жылга чейинки мөөнөткө таризделет.

Зарылчылык болсо, качкын деп таанылган жакка ырастаган документтери болгон учурда, улуттук коопсуздук органы менен макулдашуу боюнча Туугандар бир жолку чыгуу-кирүү визасы ("RL" тиби) 60 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.

Мекен виза ("М" тиби) этностук кыргыздарга, кийинчерээк "кайрылман" статусун алуу мүмкүнчүлүгү менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулган адамдарга Кыргыз Республикасына келип кетүүгө же кайтып келүүгө 1 жылга чейинки мөөнөткө таризделет.

Зарыл учурларда "кайрылман" статусуна ээ болгон адамга Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - улуттук коопсуздук органы) менен макулдашуу боюнча чыгуу/кирүү мекен визасы 1 жылга чейинки мөөнөткө ("М" тиби) таризделет.

Туристтик виза ("TS" тиби) жеке мүнөздөгү ар кандай максаттарда, анын ичинде досторуна конокко келүү, медициналык кызматтарды алуу максатында Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген арыз ээсине, эмгек же жеке ишкердик менен алектенүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында пайда алуу менен байланышкан башка аракеттерди жасоо укугусуз, бир жолу кирүү жана чыгуу үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.

Тоо туризми үчүн виза ("МТ" тиби) Кыргыз Республикасына тоо туризми (альпинизм, сноубординг, треккинг, рифтинг, маунтинбайк, хели-ски, аскага чыгуу, музга чыгуу, фрирайд, скитур жана тоо туризминин башка түрлөрү) максатында келүүгө ниеттенген арыз ээсине 90 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.

Диний виза ("R" тиби) диний уюмдар менен кызматташтык аркылуу Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген миссионерге дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты болгондо 60 күнгө чейинки мөөнөткө берилет.

Чет өлкөлүк адамдын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза ("FF" тиби) арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагына кызматтык ("О" тиби), инвестициялык ("I" тиби), эмгек ("W" тиби), атайын эмгек ("SW" тиби), туугандар визасы ("RL" тиби), окуу ("S" тиби), ошондой эле жашап турууга уруксаттын же жашаган жери боюнча каттоонун негизинде (Кыргыз Республикасынын аймагында визасыз жүрүүгө тийиш болгон мамлекеттердин жарандарына карата) же "кайрылман" статусунун негизинде келген үй-бүлө мүчөлөрүнө (күйөөсү/аялы, 18 жашка чейинки балдары, жашы жете элек балдардын ата-энелери, ошондой эле майып балдар жана багууда болгон ата-энелер) эмгектенүү же жеке ишкердик менен алектенүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында пайда алуу менен байланышкан башка аракеттерди жасоо укугусуз 1 жылга чейинки мөөнөткө таризделет.

Транзиттик виза ("TR" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен үчүнчү өлкөлөргө баруучу арыз ээсине колдонуу мөөнөтү 5 күнгө чейинки мөөнөткө берилет.

Чыгуу визасы ("L" тиби) арыз ээсине Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү үчүн өтүп кеткен жүрүү мөөнөтүн толуктоону эске алуу менен 10 күнгө чейинки колдонуу мөөнөтүнө берилет.

"Санариптик көчмөн "Digital nomad" визасы ("DN" тиби) санариптештирүү жана электрондук башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча же "Санариптик көчмөн "Digital nomad" статусуна ээ болгон маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө алектенген чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга ККД тарабынан 6 айга чейинки мөөнөткө таризделет.

 

Виза алуу үчүн керектүү документтердин жалпы тизмеси:

1. Толтурулган анкета - Visa Application Form.
2. Толтурулган анкетага керек болгон 3*4 сүрөт.
3. Виза стикери үчүн жок дегенде бир колдонулбаган баракты камтыган жарактуу саякат документи (негизги барактын бир көчүрмөсү менен бирге). Сиздин саякат документиңиз визаңыздын мөөнөтү аяктагандан кийин 6 ай жарактуу болушу керек.
4. Консулдук жыйындар Элчиликтин эсебине банктык которуу түрүндө гана кабыл алынат.
5. Документтердин кошумча пакети (виза категориясына жараша). Керектүү документтердин тизмесин "электрондук виза" сайтынан таба аласыз www.evisa.e-gov.kg.

Кыргызстандын Бельгиядагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн арызды кароо мөөнөтү 7 жумушчу күндү түзөт. Шашылыш Визалар 3 жумушчу күндүн ичинде берилет, мында консулдук жыйым эки эселенген өлчөмдө алынат.