Консулдук эсеп

 
 
Консулдук эсеп Кыргыз Республикасынын жарандарын натыйжалуу консулдук тейлөөнү уюштуруу, алардын укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде коргоо максатында ишке ашырылат.
 
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары барган мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинде консулдук эсепке турушат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын аймагындагы жашаган орду боюнча каттоо эсебинен чыгышы керек.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин консул консулдук округунун чегинде Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарын консулдук эсепке тургузат:
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна чыгып кеткендерди;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу болгон, бирок туруктуу жашабагандарды;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан асырап алынган жашы жете элек балдарды;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары төрөлгөн жана Кыргыз Республикасынын жараны болгон жашы жете элек балдарды;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган ордун алмаштырган жарандарды.
 
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу болгон, бирок туруктуу жашабаган
Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке тургузуу тартиби
 
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу болгон, бирок туруктуу жашабаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Элчиликте консулдук эсепке тургузуу жашаган орду боюнча каттоо эсебинен чыгарбастан консул тарабынан ишке ашырылат.
 
Элчиликке жеке кайрылганда консулдук эсепке тургузуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү документтерин беришет: 
2) форма боюнча толтурулган каттоо карточкасы, 3x4 см фото сүрөтү менен;
3) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту.
Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарын консулдук эсепке тургузуу үчүн ата-энеси же камкорчусу (көзөмөлчүсү) форма боюнча арыз толтурууга милдеттүү.
 
Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук эсепке туруу үчүн өзү барбастан Элчиликтин kgembassy.be@mfa.gov.kg расмий электрондук дарегине жогоруда көрсөтүлгөн документтерди сканерленген түрдө жиберүүгө укуктуу.
 
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан
Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу тартиби
 
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Элчиликке жеке кайрылганда консулдук эсепке тургузуу үчүн төмөнкү документтерди беришет:
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту.
3) "Каттоо эсебинен чыгарылды" штампы басылган чыгаруу дарек баракчасы;
Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарын консулдук эсепке тургузуу үчүн ата-энеси же камкорчусу (көзөмөлчүсү) форма боюнча арыз толтурууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук эсепке туруу үчүн өзү барбастан Элчиликтин kgembassy.be@mfa.gov.kg расмий электрондук дарегине жогоруда көрсөтүлгөн документтерди сканерленген түрдө жиберүүгө укуктуу.
 
Документтердин жок болушу же туура эмес толтурулушу консулдук эсепке тургузуудан баш тартуу үчүн негиз болот.
 
Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруу тартиби
 
Чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруу төмөнкү учурларда ишке ашырылат:
- жаран Кыргыз Республикасына кайткан учурда;
- Кыргыз Республикасынын жараны башка чет мамлекетке жашоо үчүн кеткен учурда;
- бир чет мамлекеттин чегинде Кыргыз Республикасынын жаранынын жашаган орду өзгөрүп, башка консулдук мекеменин консулдук округунун аймагына көчүп кеткен учурда;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурда;
- Кыргыз Республикасынын жараны каза болгондо.
Кыргыз Республикасынын жарандарынан Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерлерде консулдук эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын жарандарын  формадагы арызы боюнча Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси тарабынан ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурда чет мамлекетте консулдук эсептен чыгарылгандыгы жөнүндө үлгүдөгү маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине кайрылууга укуктуу.
 
Чет мамлекеттердеги жашаган жерин алмаштырган жана мурда жашаган жериндеги өлкөнүн (консулдук округдун) консулдук эсебинен чыкпаган Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда аталган документтерди берүү менен мурдагы жашаган жеринен консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө формадагы арыз менен барган өлкөсүндөгү Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине кайрылат.
 
Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу үчүн Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык каражаттар алынбайт.