Коомдук уюмдардын ишмердиги боюнча

2236

Анталья провинциясында коомдук бирикмелерди (Коом – Dernek) түзүү жана анын мындан аркы ишмердиги боюнча мекендештерибиздин атынан бир нече жолу кайрылуулар келип түшкөндүгүнө байланыштуу Башкы консулдук төмөнкүлөрдү билдирет.

Башкы консулдук социалдык жана укуктук көйгөйлөрдү чечүүдө, жашоо-шарттарына көнүп кетүүсүнө мекендештерге жардам берүүгө, кыргыз-түрк маданий, социалдык жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган бардык демилгелерди колдойт.

Кыргыз жамааттарынын коомдук ишмердүүлүгү сөзсүз ачык жана айкын мүнөздө болуу менен руханий, материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн алардын кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде иштин ачыктыгына негизделиши керек деп эсептейбиз.

Коомдук бирикмелердин башкы милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн тийиштүү уюштуруу документин – коомдук уюмдардын ишин жөнгө салуучу уставды кабыл алуу зарыл.

Коомдук бирикмелер келген өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык юридикалык каттоодон өткөндөн кийин гана өз иштерин баштайт.

Түркия Республикасынын мамлекеттик органдарынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Антальяда “Кыргыз эли коому” жана “Кыргызстан айымдары жана ишкерлеринин коому” аттуу эки коомдук уюм (Коом – Dernek) расмий катталгандыгын белгилей кетүүгө болот.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, кайрадан жаңы түзүлгөн коомдук уюмдар барган өлкөнүн мамлекеттик органдарынан бардык уруксат берүүчү документтерди алгандан кийин өз ишин жарыялоо укугунан пайдалана алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK