2021-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Венадагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Бакыт Джусупов Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башкы директору Рафаэль Мариано Гросси менен жолугушту.

2487

2021-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Венадагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Бакыт Джусупов Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башкы директору Рафаэль Мариано Гросси менен жолугушту.

Туруктуу өкүл Б.Джусупов Агенттикке COVID-19га каршы күрөшүүдө үч ОТ-ПЦР диагностикалык жабдууну өткөрүп берүү менен өз убагында жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. ЗОДИАК программасын түзүү боюнча Башкы директор Гроссинин демилгесин кубаттады. Тийиштүү тематикалык чөйрөдөгү кеңири билими жана тажрыйбасы менен улуттук администраторлор ишти координациялоодо маанилүү ролду ойнойт деген үмүттү билдирди.

Ошондой эле, окуу семинарлары, МАГАТЭнин эл аралык конференциялары процессине катышкан мамлекеттик эксперттердин потенциалын чыңдоого байланыштуу Агенттиктин туруктуу колдоосун белгиленди. Жабылып калганына карабастан, Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү виртуалдык форматта активдүү катышат.

Туруктуу өкүл Б.Джусупов Кыргыз Республикасында уран калдыктарын сактоочу жайларды калыбына келтирүү боюнча Стратегиялык башкы планды ийгиликтүү ишке ашырууга ишеним билдирди.

Башкы директор Гросси өз кезегинде ЗОДИАК программасына катышуу үчүн улуттук администраторлорду көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. ZODIAC демилгеси зооноздук оорулар менен күрөшүү боюнча ар тараптуу иш-чараларды жайылтуу максатында иштелип чыккандыгын маалымдады. Агенттиктин Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын потенциалын мындан ары чыңдоо, ошондой эле техникалык долбоорлордун ишмердүүлүгүн иштеп чыгуу жана кеңейтүү боюнча милдеттенмесин тастыктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK