Элчи Т.Макеевдин Австриянын тышкы иштер министрлигинин консулдук иштер боюнча башкы директору, Элчи П.Шнеебауэр айым менен жолугушуусу жөнүндө

1452

2022-жылдын 24-майында Австриянын тышкы саясий ведомствосунда Элчи Төлөндү Макеев Австриянын тышкы иштер министрлигинин консулдук маселелер боюнча Башкы директору, Элчи Петра Шнеебауэр айым менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-австрия мамилелери боюнча жемиштүү пикир алмашып, эки тараптуу консультацияларды өткөрүү жолу менен консулдук маселелер боюнча кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө багытталган иш-чараларды талкуулашты. Ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн жана бул Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы консулдук-укуктук маселелер боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү интенсификациялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзө турганын баса белгилешти.

Тараптар эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ишин тыгыз координациялоо менен жогоруда көрсөтүлгөн чөйрөдө мындан аркы байланыштарды улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK