Үстүбүздѳгү жылдын 6-7 июнь күндѳрү Австрия тараптын чакыруусу менен Кыргызстандын, Казакстандын жана Таджикистандын Элчилеринин Австрия Руспубликасынны Штирия Федералдык аймагындагы Грац шаарына карай иш-сапары болду

3362

Үстүбүздѳгү жылдын 6-7 июнь күндѳрү Австрия тараптын чакыруусу менен Кыргызстандын, Казакстандын жана Таджикистандын Элчилеринин Австрия Руспубликасынны Штирия Федералдык аймагындагы Грац шаарына карай иш-сапары болду.

         Иш-сапардын жүрүшүндѳ шаардык жана аймактын муниципалиттердин ѳкүлдѳрү, Экономикалык палатанын ѳкүлдѳрү жана Штирия аймагындагы бир катар мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ѳкүлдѳрү менен сүйлѳшүүлѳр жана жолугушуулар болуп ѳттү.

         Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчиси Бакыт Джусупов ѳлкѳбүз тууралуу кенен маалымат берип, анын туристтик потенциалын жана инвестициялык мүмкүнчүлүктѳрү тууралуу айтып берди. Борбордук Азия ѳлкѳлѳрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын Австрия менен болгон кызматташтыгын күчѳтүүгѳ, айыл-чарбасындагы, кайра иштетүүдѳгү, гидроэнергетикадагы, туризмдеги, санариптештирүүдѳгү конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу, ошондой эле Кыргызстан менен Австриянын аймактарынын ортосундагы байланышты түзүүгѳ арналган пикир алмашуулар болду.

         Элчилер Грац шаарындагы Австриянын, Словениянын, Венгриянын жана Хорватиянын аймагында жайгашкан «Spar» соода маркасынын дүкѳндѳрү үчүн этти даярдоо жана ѳндүрүү менен алектенген “Танн” компаниясына барышты, ошондой эле, Грац шаарындагы кубаттуулугу 17,7 мВтты түзгѳн гидроэлектростанциясынын курулушунун долбоорун ишке ашыруудагы кадамдар менен таанышышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK