Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Чехиядагы кыргыз диаспорасы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилешти

157

2023-жылдын 2-сентябрында Прага шаарында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги жана Чехиядагы кыргыз диаспорасы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына арналган биргелешкен иш-чара өткөрүштү. Майрамдык салтанатка Чехия, Австрия, Словакия, Италия, Германия, Бельгия жана Венгриядан келген расмий коноктор жана кыргызстандыктар, Чехияда жашаган башка улуттардын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Прага шаарындагы Ардактуу консулдугунун ачылыш аземи да салтанаттуу иш-чарага туш келди. Ардактуу консул кызматына Чехиядагы диспоралдык уюмдун лидерлеринин бири Саадаткан Даминова дайындалды.

Салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларын жана конокторун Элчи Төлөндү Макеев, белгилүү тарыхчы Тынчтык Чоротегин, Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Джаанбаев, Германия, Италия, Словакия жана башка өлкөлөрдөн келген кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана активисттери тосуп алышты.

Чехия Республикасында Ардактуу консулдуктун ачылышы өз ара пайдалуу жана салттуу достук кыргыз-чех мамилелерин өнүктүрүүдө, Чехиядагы кыргыздарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

Иш-чара кыргыз ырларынын концерттик программасы, викторина жана аркан тартыш, жоолук таштамай элдик оюндары, тогуз торгоол мелдеши менен коштолду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK