Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Ядролук сыноолорго тыюу салуу жөнүндө келишим уюмунун Аткаруучу катчысы д-р Р.Флойдду кабыл алды

29

2023-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга "Ядролук жайылтпоо режимин чыңдоо" аймактык семинарына катышуу үчүн келген Ядролук сыноолорго тыюу салуу жөнүндө келишим уюмунун (ОДВЗЯИ) Аткаруучу катчысы д-р Роберт Флойдду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелери жана Кыргызстан менен ОДВЗЯИнин өз ара аракеттешүүсүн мындан ары тереңдетүү боюнча пикир алмашышты.

Министр Ж.Кулубаев Борбор Азияда өзөктүк куралдан эркин зона жөнүндө Келишимдин депозитарийи катары Кыргызстан тынчтыкты сактоо, зордук-зомбулуксуз жана массалык кыргын салуучу куралдардын таралышына жол бербөө маселелерин жактай турганын ырастады.

Өз кезегинде д-р Роберт Флойд Кыргызстан менен ОДВЗЯИнин ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүнүн жана бекемдөөнүн перспективаларын белгиледи.

Д-р Р.Флойд Кыргызстанга болгон биринчи сапарынын алкагында КР Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын студенттери үчүн ядролук сыноолор маселелери боюнча атайын лекция окуйт.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK