Тышкы иштер министрлиги тарабынан КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын студенттери үчүн ОДВЗЯИнин Аткаруучу катчысы д-р Р.Флойддун конок лекциясы уюштурулду

23

2023-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын студенттери үчүн Ядролук сыноолорго тыюу салуу келишими уюмунун (ОДВЗЯИ) Аткаруучу катчысы д-р Роберт Флойддун конок лекциясы уюштурулду.

Куттуктоо сөзүндө КРнын ТИМдин Дипломатиялык академиясынын ректору Акылбек Кылычев д-р Флойдго конок лекциясын уюштурууга жана келечек дипломаттардын кесиптик билим жана көндүмдөрүнүн спектрин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде КР УИАнын өкүлү – КР УИАнын башкы илимий катчысы, корреспондент-мүчөсү Бермет Худайбергенова да д-р Флойдго ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институту Кыргызстан менен ОДВЗЯИнин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо жана кеңейтүүдө негизги ролду ойной турганын баса белгиледи.

Лекциянын жүрүшүндө ОДВЗЯИнин башчысы Уюмдун түзүлүү тарыхы, анын катышуучулары, ядролук сыноолорго толук тыюу салуу келишиминин күчүнө кириши боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле ядросуз аймактардын бири катары Борбор Азия аймагынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат менен бөлүштү.

Лекция кызуу талкуу жана катышуучулардын көптөгөн суроолору менен коштолду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK