Австриядагы Элчилик жана кыргыз диаспорасы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилешти

176

2023-жылдын 10-сентябрында Вена шаарында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги жана кыргыз диаспорасы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына арналган биргелешкен иш-чара өткөрүштү. Майрамга Австриядан, Словакиядан жана Венгриядан келген мекендештер, расмий коноктор, Австриядагы башка улуттардын өкүлдөрү катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларын жана конокторун Элчи Төлөндү Макеев тосуп алып, аларды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, диаспоранын төрагасы Алмасбек Элдарга жана анын жубайы Дайырбек кызы Алияга Австриядагы мекендештерибиздин арасында активдүү иш алып барганы үчүн жана Сатиева Чолпонго нукура кыргыз маданиятын Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө жайылтып келе жатканы үчүн грамоталарды тапшыруу менен ыраазычылык билдирди.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы студенттик алмашуу программасынын катышуучусу болгон Вена университетинин студенти Феликс Эренбрандтнер Кыргызстанга болгон иш сапарынан алган таасирлери менен бөлүштү. Австриялык сегиз студенттен турган топ менен бирге ал 2023-жылдын 22-августтан 31-августка чейин эл аралык байланыштарды чыңдоо жана жаштар саясаты, экология жана техникалык инновациялар боюнча тажрыйба алмашуу максатында Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдө болуп келди.

Майрам түрдүү маданий-концерттик программа, викторина жана оюндар менен коштолду. Баланын тушоо кесүү салттуу ырымы келген коноктордун чоң кызыгуусун жаратты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK