Элчилик БУУнун Вена эл аралык борборундагы Эл аралык кайрымдуулук сый-тамагына катышты

107

2023-жылдын 20-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Венадагы Эл аралык борборунда Кыргыз Республикасынын Элчилиги Австриядагы кыргыз диаспорасы менен биргеликте БУУнун Аялдар Гильдиясы тарабынан уюштурулган Эл аралык кайрымдуулук түшкү тамагына катышты. Иш-чарадан түшкөн каражат дүйнө жүзүндөгү аялдарга жана балдарга жардам көрсөтүү боюнча эл аралык программаларды каржылоого жумшалат.

БУУнун Вена аянтчасында бир нече өлкөлөрдүн туруктуу өкүлчүлүктөрү эл аралык коомчулукка жана конокторго түрдүү кулинардык салттарды жана улуттук тамактарды тартуулашты. Кыргыз тарап конокторго элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн көргөзмө стенддерин, анын ичинде кийизден жасалган уникалдуу буюмдарды, Кыргызстан тууралуу иллюстрацияланган басылмаларды, туризм боюнча буклеттерди жана каталогдорду көрсөтүштү. 11 жаштагы кыргызстандык Рамиль Эрназар Моцарттын классикалык чыгармаларын пианинодо таланттуу аткаруусу менен бардыгын кубантты.

Кайрымдуулук сый тамактын катышуучулары кыргыз улуттук ашканасынын тамактарынан: боорсок, чак-чак, самса, курут жана коноктордун өзгөчө сүймөнчүлүгүнө ээ болгон кургатылган жемиштерден даам татууга мүмкүнчүлүк алышты.

Маалымат үчүн: Венадагы БУУнун Аялдар Гильдиясы (UNWG) кайрымдуулук уюм катары 1967-жылы түзүлгөн. Гильдиянын максаты - эне жана балага кам көрүү боюнча эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү балдарга колдоо көрсөтүү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK