Элчилик Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк жана Мамлекеттик тил күнүнө карата веложүрүш өткөрдү

73

2023-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги кыргыз диаспорасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына карата веложүрүш өткөрүштү.

Элчи Төлөндү Макеевдин кыскача куттуктоо сөзүнөн кийин катышуучулар веложүрүш баштады.

Алар Венадан Тульн шаарына чейин велосипед менен жалпысынан 80 километр аралыкты айдап, Дунай дарыясынын боюндагы Австриянын эң кооз пейзаждарынан ырахат алышты. Кыргыз тил күнүнө карата веложүрүштүн катышуучулары жол бою мамлекеттик тилде гана сүйлөшүштү. Веложүрүштүн эң жаш катышуучусу 18 жаштагы Арипова Айназик жана эң улуусу 55 жаштагы Илебаев Алмазбек болду.

Спортту жана сергек жашоо образын жайылтуу, чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын арасында ынтымак жана биримдик  демин калыптандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги Австрияда жашаган мекендештердин катышуусунда спорттук иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүүнү пландаштырууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK