Элчи Т.Макеев Австриянын Улуттук Кеңешинин депутаты, «Австрия-БА» парламенттик достук тобунун Төрайымы д-р Е.Эрнст-Дзиджич менен жолугушту

61

2023-жылдын 27-сентябрында Вена шаарында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчиси Т.Макеевдин Австриянын Улуттук Кеңешинин (Парламентинин) депутаты, «Австрия-Борбордук Азия» парламенттик достук тобунун Төрайымы д-р Ева Эрнст-Дзиджич (Dr. Ewa Ernst-Dziedzic) айым менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда тараптар парламенттер аралык байланыштар багыты боюнча Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Элчи Т.Макеев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Австрия менен кызматташуу боюнча парламенттик достук тобу иш алып барарын Австрия парламентинин депутатына маалымдады. КР менен Австриянын ортосунда мыйзам чыгаруу тармагында тажрыйба алмашуу, ошондой эле парламенттик достук топторунун деңгээлинде өз ара сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, маектештер КР Эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата Вена шаарында биргелешкен маданий иш-чара өткөрүү маселесин карашты.

Тараптар жогоруда жетишилген сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу жана кыргыз-австриялык парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн мындан ары өз ара аракеттенүүнү улантуу ниетин тастыкташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK