Элчи Т.Макеев ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Ф.Карими менен жолугушту

64

2023-жылдын 6-октябрында Вена шаарында КРнын ЕККУдагы Туруктуу Өкүлү, Элчи Т.Макеев ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү, Нидерланддардын Парламентинин депутаты Фара Карими (Farah Karimi) айым менен жолугушуу өткөрдү.

Т.Макеев Ф.Карими айымды жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, тыгыз жана конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди. КР Жогорку Кеңеши ЕККУ ПАнын ишине активдүү катышып, региондогу жана бүткүл ЕККУ аймагындагы парламентаризмди бекемдөөгө салым кошуп келатканын белгиледи.

Учурдан пайдаланып, Элчи Т.Макеев Кыргызстанда буга чейин болуп өткөн парламенттик жана президенттик шайлоолорго жигердүү катышып келген ЕККУ ПАнын эл аралык байкоочуларына ыраазычылык билдирди жана ЕККУнун шайлоолорго байкоо жүргүзүү миссияларынын берген баасы абдан маанилүү экендигине, алар өлкөбүздүн демократиялык өнүгүүсүнө жана шайлоо түзүмүн өркүндөтүүгө чоң салым кошоруна көңүл бурду.

Тараптар КР Жогорку Кеңеши менен ЕККУ ПАнын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү максатында байланыштарды мындан ары улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK