Кыргыз Республикасы менен Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министрлеринин видеоконференциясы

3297

2020-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасы менен Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министрлеринин видеоконференциясы болду, анын жүрүшүндө тараптар регионалдык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты, ошондой эле эки жана көп тараптуу кызматташуулардын бардык маселелери боюнча туруктуу байланыштарды улантууга даяр экендиктерин тастыкташты.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев өз визависин өлкөдөгү саясий кырдаалдын турукташуусу, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө даярдыктар, ошондой эле алдыда боло турган парламенттик шайлоо жана конституциялык реформа жөнүндө маалымдады.

Өз кезегинде Кувейттин Тышкы иштер министри Ахмед Насер Аль Сабах Кыргыз Республикасынын жаңы жетекчилигинин дарегине Кувейттин Эмиринин куттуктоосун узатты жана Кувейт ϴкмөтү тарабынан бардык мурда жетишилген келишимдердин уланарын тастыктап, өлкөдө демократиялык өзгөртүүлөрдү өткөрүүдө  ийгиликтерди каалады. Мында Кувейт ТИМинин башчысы КРнын Эль-Кувейттеги Элчилигинин ийгиликтүү ишинин жыйынтыктарын жана Бишкекте Кувейттин Элчилигин ачуу боюнча ниеттерин, ар кандай деңгээлдеги иш-сапарлар менен алмашууга жана ведомстволор аралык кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин өзгөчө белгиледи.

Муну менен катар тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча келечектүү пландарга токтолушту, анда артыкчылыктуу катары саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба, кредиттик жана инвестициялык чөйрөлөр жана башкар белгиленди. Тактап айтканда Министрлер мындан аркы кызматташуунун «жол картасын», биргелешкен инвестициялык фондун жана башка маселелерди  иштеп чыгуу боюнча биргелешкен комиссия түзүү зарылдыгына макулдашышты.

КР ТИМинин башчысы Кыргыз Республикасы менен гуманитардык кызматташууну улантууга Кувейт ϴкмөтүнүн нтетин колдоо менен, Covid-19га каршы күрөшүүдө гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн кувейт тарапка жана КРдагы кувейт кайрымдуулук уюмдарына ыраазычылыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK