Кыргыз Респуликасынын чегинен тышкары жашаган же жүргѳн анын жарандарынын 2021-жылы 10-январда Кыргыз Респуликасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуусунун тартиби

4034

Биометрикалык каттоо жана консулдук эсеп

Шайлоо жѳнүндѳ конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 6-бѳлүгүнѳ ылайык, шайлоо күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүүгѳ укуктуу. Биометрикалык маалыматтарын берген жана КР чет ѳлкѳдѳгү мекемелеринде консулдук эсепте турган жарандар тийиштүү участкалардагы шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдѳ киргизилет.

КР чет ѳлкѳлүк мекемелерде, калкты тейлѳѳ борборлорунда, ал эми шайлоо алдындагы мезгилде – Кыргызстандын аэропортторунда жана темир жол вокзалдарында биометрикалык каттоодон ѳтсѳ болот.

Консулдук эсепке туруу үчүн документтердин пакетин чет ѳлкѳдѳгү мекемелерге ѳзү барып тапшруусу же чет ѳлкѳдѳгү мекемелердин расмий электрондук дарегине же ТИМ порталына документтердин сканирленген кѳчүрмѳсүн жѳнѳтүү зарыл https://mfa.gov.kg/.../departament-konsulskoy.../page/874

Шайлоочунун арызына жооп арыз берүүдѳ шайлоочу кѳрсѳткѳн дарек боюнча кагаз же электрондук маалымдама түрүндѳ арыз кабыл алынган күндѳн тартып 5 календардык күндѳн кечиктирилбестен жѳнѳтүлѳт.

Шайлоочулардын тизмеси менен таанышуу

«Тизме» мамлекеттик порталынан шайлоочулардын тизмеси менен таанышса болот https://tizme.gov.kg/

Жарандарды тааныштыруу максатында «Тизме» мамлекеттик порталында жана Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары түзүлгѳн шайлоо участкаларында тѳмѳндѳгү мѳѳнѳттѳрдө шайлоочулардын тизмеси илинет:

Шайлоочулардын тизмеси Добуш берүү күнүнѳ чейин Күнү

алдын ала 52 календардык күн калганда 18 ноябрь 2020

контролдук 22 календардык күн калганда 18 декабрь 2020

биротоло 5 календардык күндѳн кеч эмес 04 январь 2021

Кыргыз Респуликасынын чектеринен тышкары жашаган же жүргѳн анын жарандары добуш берүү күнүнѳ чейин 10 календардык күндѳн кеч эмес (2020-жылдын 29-декабрын кошуп алганда) тастыктаган документтерди жана биометрикалык идентификациядан ѳткѳндүгүн тиркѳѳ менен тѳмѳнкү учурларда чет ѳлкѳлѳрдѳгү мекемелерге арыз менен кайрылууга укуктуу:

кандай гана болбосун каталарды же так эместиктерди, ошондой эле ѳзүнүн шайлоочулдардын алдын ала же контролдук тизмесинде жок экендигин тапканда;

жашаган же жүргѳн жеринин шайлоо участкалары боюнча добуш берүүгѳ ниеттенгенде.

КР чет ѳлкѳдѳгү мекемелери шайлоочулардан келип түшкѳн арыздар боюнча эсеп жүргүзѳт, алар түшкѳндѳ акысыз негизде консулдук эсепке убактылуу турган адам катары шайлоочуну каттайт. Мындай каттоо шайдлоочунун арызында кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳткѳ жүргүзүлѳт.

Арыз, ошондой эле, «Тизме» мамлекеттик порталындагы «Шайлоочунун кабинети» http://www.tizme.gov.kg сервиси аркылуу электрондук форматта берилиши мүмкүн – мындай учурда шайлоочу белгиленген формадагы авторлоштуруудан ѳтѳт.

Добуш берүү күнү

Добуш берүү үчүн милдеттүү түрдѳ жанында Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карт) же жалпы жарандык паспорту же кызматтык же дипломатиялык паспорту болушу зарыл.

«Жарандык жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка жарандыгы да бар Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны деп каралат. Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан башка жарандыкты алгандыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотууга алып келбейт.

 

Кошумча суроолор боюнча участкалык шайлоо комиссиялардын катчыларына кайрылыңыздар:

1. Карагулов Нурбек – №9051 УШК, Абу-Даби,

тел.: +971505255813

2. Сыдыков Адилет – №9044 УШК, Дубай жана Түндүк Эмираттары

тел.: +971561974795

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK