Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чарльз Гарретт жана Франциянын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Ф.Делаус менен жолугушту

4428

2020-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чарльз Гарретт жана Франциянын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Ф.Делаус менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2021-жылдын 1-ноябрынан 12-ноябрына чейин Улуу Британиянын Глазго шаарында өтө турган Климаттык өзгөрүүлөр боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык Конвенциясынын (COP-26) Тараптарынын Конференциясына даярдыкты талкуулашты. Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ч.Гаррет Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевге Улуу Британиянын Премьер-министри Б.Джонсон, Франциянын Президенти Э.Макрон, Италиянын Премьер-министри Д.Конте, Чили Президенти С.Пиньера, БУУнун Башкы катчысы А.Гутерриштин төрагалыгы астында 2020-жылдын 12-декабрында онлайн түрүндө өткөн климаттык амбициялар саммитинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. 

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ч.Гарретт жана Франциянын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Ф.Делаусту Кыргыз Республикасы 2019-жылдын ноябрында  ратификациялаган Париж макулдашуусун натыйжалуу ишке ашырууга багытталган Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдады.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев британия тарабын экология жана климаттын өзгөрүшү боюнча маселелерде көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Айрыкча, кыргыз тарабы COP-26нын алдында климаттык саясатты жана иш- аракеттерди күчөтүү үчүн Кыргызстанга, Тажикстанга жана Өзбекстанга көмөк көрсөтүүгө багытталган регионалдык долбоорго катышуу боюнча британ тарабынын жана БУУнун өнүктүрүү программасынын  сунушун оң белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев, ошондой эле 2021-жылдын ноябрь айында Глазго шаарында БУУнун Климаттык өзгөрүүлөр боюнча Алкактык конвенциясынын тараптарынын  конференциясын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн жана  анын жүрүшүндө зыяндуу заттардын бөлүнүшүн азайтуу боюнча парник газдарынын калдыктарын кыскартуу, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана климатты каржылоо боюнча жаңы максаттар коюлушу мүмкүн экендигин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK