Элчи Ч.Эшимбеков БАЭнин Жасалма интеллектинин мамлекеттик министри менен жолукту

6439

2018 жылдын 16 январында, Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков БАЭнин Жасалма интеллектинин мамлекеттик министри Омар бин Султан Аль-Олама менен жолукту.

Жолугушуу учурунда, тараптар маалымат технологияларын өнүктүрүү жана мамлекет тарабынан коомго көрсөтүлгөн кызматты цивровизациялоо жаатында өз ара кызматташууну түзүү маселесин талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы бир катар маанилүү кызматташуу багыттары жөнүндө пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK