“Wizz Air Abu Dhabi” авиакомпаниясынын “Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби” багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттамдарынын ачылышы

244

2023-жылдын 1-июнунда Абу-Даби шаарында Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилигинин, “Wizz Air Abu Dhabi” компаниясынын башкы директору Йоган Эйдагендин, ошондой эле Абу-Даби эл аралык аэропортунун жетекчилигинин катышуусунда “Wizz Air Abu Dhabi” авиакомпаниясынын “Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби” багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттамдарынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Элчи А.Жумабаев өз сөзүндө БАЭ бийлигине жана авиакомпаниянын жетекчилигине эки өлкөнүн борборлорунун ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу процессине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле бул соода-сатыктын кеңейишине жана өз ара туризмдин өсүшүнө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, каттамдардын учуу жыштыгын кеңейтүү мүмкүнчүлүгү менен “Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби” багыты боюнча каттамдар жумасына 3 жолу ишке ашырылат.

  • “Wizz Air Abu Dhabi” авиакомпаниясынын “Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби” багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттамдарынын ачылышы
  • “Wizz Air Abu Dhabi” авиакомпаниясынын “Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби” багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттамдарынын ачылышы

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK