Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн Дубайда өткөн 5-жылдык Future Food Forum 2023 ишине катышуусу тууралуу маалымат

184

       2023-жылдын 20-21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилиги, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жана Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун (IOFS) Эл аралык ислам тамак-аш өнөр жайы ассоциациясы (IFPA) менен бирге Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн Дубайда өткөн 5-жылдык Future Food Forum 2023 форумуна катышуусун уюштурду.

          Бул Форумга катышуу үчүн кыргыз делегациясынында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдилатиф Жумабаев, Кеңешчи-кичи элчи Алмазбек Эсеналиев, Кыргыз Республикасынын Мөмө өстүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев, «Ысмайыл» дыйкан чарбасынын жетекчиси Адилет Исмаилов, ООО "Узак Групп" жетекчиси Азамат Маджиков жана Gimnili компаниясы болушту. Кыргызстандык тамак-аш өндүрүүчүлөргө стенд берилип, алар форумдун катышуучуларына өздөрүнүн продукцияларын көрсөтүштү. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын өндүрүүчүлөрү Бириккен Араб Эмираттарынын жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн контр-өнөктөштөрү менен нетворкинг сессияларын өткөрүштү, анын жүрүшүндө эки тарапты кызыктырган маселелер талкууланды.

               5-чи Future Food Forum 2023 Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министрлигинин колдоосу астында жана Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын жардамы менен өткөрүлдү, анын максаты Жакынкы Чыгыш региондо тамак-аш жана суусундук өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болгон. Форумга тамак-аш өнөр жайынын 690 регионалдык лидерлери, 50 өлкөдөн 230 дүйнөлүк компания катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK