“Let’s Get lost to Bishkek, Kyrgyzstan” инфотуру уюштурулду

197

    Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилиги динамикалуу өнүгүп келе жаткан эмираттык Wizz Air Abu Dhabi компаниясы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти менен биргеликте 2023-жылдын 22-24-сентябрында «Let’s Get lost to Bishkek, Kyrgyzstan» инфотурун уюштурду. Бул иш-чара КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин алдына өлкөбүздүн туристтик потенциалын жогорулатуу боюнча коюлган милдеттерге ылайык өткөрүлдү. Маалыматтык кампаниянын алкагында 2023-жылдын 22-сентябрында Wizz Air Абу-Даби жүргүнчү учагы Манас эл аралык аэропортуна 150 инфотур катышуучусу менен келди, анын ичинде:

- 40 БАЭдеги атактуу блоггерлер/инфлюэнсерлер;

-5 БАЭ медиа өкүлдөрү;

-5 катышуучу - БАЭнин туризм секторунун, туристтик бизнес-чөйрөнүн жана авиациянын негизги кызыкдар тараптарынан;

- 100 катышуучу популярдуу социалдык тармактар аркылуу өткөн Wizz Air Abu Dhabi конкурсунун жеңүүчүсү болгон.

     Бул кампаниянын негизги концепциясы БАЭ жана Перс булуңунун аймагында Кыргызстанды туристтик өлкө катары ооздон оозго, блоггерлер жана саякатчылар аркылуу маалымдоо болгон.

        3 күндүк турдун алкагында БАЭден келген белгилүү блоггерлер жана инфлюэнерлер Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы популярдуу туристтик жайларда болушту. Маалыматтык кампания Instagram, TikTok социалдык тармактарында, БАЭ ЖМКларында кеңири чагылдырылып, Кыргызстанга тиешелүү темаларда посттор жана билдирүүлөр, Кыргызстандагы видеолор, кызыктуу кийимдер, аба ырайы жана тамак-аштар жарыяланды. Wizz Air Абу-Даби адистеринин айтымында, «Let’s Get lost to Bishkek, Kyrgyzstan» инфотурунун катышуучуларынын жалпы аудиториясын камтуу 40 миллион абонентти түздү, бул Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргыз Республикасына туристтик агымдын өсүшүнө чоң оң таасирин тийгизет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK