КРнын Индиядагы Элчилигинин Пресс-релизи

4244

2018-жылдын 21-июнунда Нью-Дели шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары К.Арпачиев менен Индия Республикасынын жаштар иштери жана спорт Министрлигинин Спорт департаментинин директорунун орун басары Пратап Сингх Томардын жолугуушусу болуп өттү.

Жолугушуу Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чет мамлекеттердин спорттук командаларынын катышуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алып барып жаткан масштабдуу эл аралык долбоорунун алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Индия тарапка Кыргызстанда өтүүчү Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана спорттук иш-чаралардын мазмуну жөнүндө толук маалымат берилди.

К.Арпачиев маектешине спорт машыгууларга даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берип, 37 улуттук спорт оюндарынын түрлөрүнө катышуу эрежелери боюнча толук түшүндүрмө берди.

Долбоордун улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү, дүйнөлүк көчмөн элдеринин тарыхын, маданиятын жана салттарын сактоо боюнча максаттарын белгилеп, К.Арпачиев Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Индия активдүү катышат деген ишеничин билдирди.

Өз кезегинде, Индия тарап долбоордун бир гана спорт оюндарын камтыбастан, башка катышуучу өлкөлөргө кыргыз элинин маданияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп бере турган идеясын баса белгиледи.

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюдарынын иш-чарасына Индиянын спорттук командасынын катышуусу боюнча маселеге ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин Пратап Сингх Томар билдирди.

Ошол эле күнү кечинде, Элчилик КРнын Спорт агенттигинин өкүлдөрүнө индиялык журналистер менен жолугушууну уюштурду.

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусу пландалып турган Индиянын мамлекеттик «Доордоршан» телеканалына К.Арпачиев көчмөндөр оюндары тууралуу интервью берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK