Информационное сообщение Посольства от 25.03.2020 г.

7420

Дүйнөдө баардык мамлекеттер коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүүдө. Ɵз кезегинде, Катар Мамлекетинде дагы аталган илдеттин жайылышына жол бербөө жана аны алдын алууга багытталган иш-аракеттер жана көрүлүп жаткан чаралар жигердүү болуп жаткандыгы байкалууда. Учурда, бул боордош өлкөдө жашаган кыргыз жарандарынын ден-соолугун коргоого баардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бул жакшы көрсөткүч Катар Мамлекетинин жогорку бийлиги тарабынан жасалып жаткан жигердүү кадамдарына жана аракеттерине байланыштуу деп билебиз. Белгилеп кетчү нерсе, Катар Мамлекети ички эпидемиологиялык кырдаалга карабастан Кыргыз Республикасындагы орчундуу абалга көӊүл буруп, коронавирус илдети менен күрөшүүдө өздөрүнүн жардамын берип келүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK