Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги Сегизинчи эл аралык “AGRITEQ-2021” көргөзмө-жарманкесине катышып жатат.

4163

Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги ушул күндөрү Дохада (2021-жылдын 23-27-марты) Катар Мамлекетинин Премьер-министри, ички иштер министри Шейх Халид бин Халифа бин Абдулазиз Аль-Танинин колдоосунун астында өтүп жаткан Сегизинчи эл аралык “AGRITEQ-2021” көргөзмө-жарманкесине катышып жатат.

Элчиликтин павильонунда ата мекендик продукциялардын үлгүлөрү (балдын ар кандай сорттору, кургатылган жемиштер жана жаңгактар), ошондой эле балды, кургатылган мөмөлөрдү, этти жана ичүүчү сууну экспорттоого адистешкен кыргыз компаниялары жөнүндө маалымат материалдары көрсөтүлүүдө. Көргөзмөнүн ачылышында, кыргыз павильонун Катар Мамлекетинин Муниципалитеттер жана айлана-чөйрөнү коргоо министри Абдулла бин Абдулазиз бин Турки Аль-Субае, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары, ошондой эле мамлекеттик жана жеке сектордун өкүлдөрү ж.б. келип көрүп кетишти. Азык-түлүк чөйрөсүндө иштеген бир нече катарлык компаниялар менен жолугушуулар болуп өттү.

"AGRITEQ" эл аралык көргөзмөсү жыл сайын өткөрүлүп, айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы заманбап жетишкендиктер жана технологиялар менен таанышуу үчүн мыкты аянтча болуп саналат. Ошондой эле, көргөзмөнүн алкагында айыл чарба тармагындагы инновациялар, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ар кандай конференциялар, презентациялар жана потенциалдуу өнөктөштөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр өткөрүлөт. Ошол эле учурда, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, быйылкы жылы бул иш-чаралар видеоконференция байланышы аркылуу жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK