Элчи Н.Ниязалиев Катар Мамлекетинин кайрымдуулук иштер боюнча кызматынын Башкы менеджери Ибрагим бин Абдулла Аль-Дехайми мырза менен жолукту

3335

Ушул жылдын 10-февралында Доха шаарында, Кыргыз Республикасынын Президенти жарыялаган 2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» алкагында социалдык-экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу  Элчиси Нуран Ниязалиев Катар Мамлекетинин кайрымдуулук иштер боюнча кызматынын Башкы менеджери Ибрагим бин Абдулла Аль-Дехайми мырза менен жолугушуу ѳткѳрдү.

Сүйлѳшүү учурунда Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан социалдык жана экономикалык долбоорлор талкууланды. Элчи Нуран Ниязалиев Региондорду ѳнүктүрүү жылынын алкагында өлкөнүн алыскы аймактарында ар кыл социалдык мекемелерин куруу жана жергиликтүү калкка жардам берүү багытында биргелешкен иш-аракеттерди улантууну сунуштады. Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча тыгыз өз ара координациялоо, ошондой эле мурда аткарылган долбоорлорго баа берүү жана учурдагы иштелип жаткандарга мониторинг жүргүзүү,  келечекте чогуу иштөө планын түзүү жана таанышуу иш сапарларын уюштуруу макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK