КР Тышкы иштер министринин орун басары Н. Абдрахманов Катар Мамлекетинин Соода жана өнөржай министринин орун басары Султан бин Рашид Аль-Хаатир менен жолукту

3402

Ушул жылдын 30-январында, Доха ш., Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Катар Мамлекетинин Соода жана өнөржай министринин орун басары  Султан бин Рашид Аль-Хаатир менен жолугушуу өткөрдү. Кездешүүнүн мезгилинде эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды күчөтүү, ошондой эле экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын Экинчи  отурумун жана кыргыз-катар бизнес-форумунун кезектеги жыйынын өткөрүү маселелери каралды.

Н.Абдрахманов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2022-жж. экспорту өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу жөнүндө айтып берди жана катар рыногуна кыргыз айыл чарба продукциясын жылдыруу маселеге көңүл бурду. Ал Кыргыз Республикасында өткөрүлүп жаткан инвестициялык иш чараларга активдүү түрдө катышууга катардык инвесторлорду чакырып кетти.

Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Катар Мамлекетинин Соода жана өнөржай палатасынын Вице-Президенти, Кыргыз-катар ишмердүүлүк кеңешинин Теңтөрагасы Мухаммед Ахмед Твар Аль-Кувари менен жолугушту. Нурлан Абдрахманов Кыргыз Республикасы Катар Мамлекетинин бизнес чөйрөсү менен соода жана инвестициялык кызматташуунун өнүгүүсүнө жана тереңдешине өзгөчө маани бергенин баса белгиледи.  Соода-өнөржай палаталар аркылуу бир нече биргелешкен иш чараларды, ошондой эле Кыргыз-катар ишмердүүлүк кеңешинин Биринчи жыйынын өткөрүү жөнүндө келишимге жетишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK