Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин жардамы менен, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана билим берүү тармагында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, Катардын “Education Above All” фондунун ишмердүүлүгү боюнча таанышуу вебинары болуп өттү

2550

2022-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин жардамы менен, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана билим берүү тармагында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, Катардын Education Above Allфондунун ишмердүүлүгү боюнча таанышуу вебинары болуп өттү.

Маалымат үчүн: “Education Above All” фонду 2012-жылдын 17-октябрында шейха Моза бинт Нассер тарабынан негизделген өкмөттүк эмес уюм болуп саналат. Аталган фонд билим берүү менен алектенген ар кайсы өлкөлөрдүн өкмөттүк эмес фонддору жана уюмдары менен иш алып барат.

Вебинардын жүрүшүндө “Education Above All” фонду катышуучуларды ар кайсы өлкөлөрдө калктын аярлуу жана маргиналдашкан катмарына инклюзивдик жана сапаттуу билим берүү боюнча ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулаарын белгилешти. Кыргызстандын бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү билим берүү тармагындагы пилоттук долбоорлорду жана программаларды тандоо жана ишке ашыруу процесси менен таанышышты.

Бул вебинардын жыйынтыгы боюнча катышуучулар Кыргыз Республикасынын калкы учун  сапаттуу билимдин жеткиликтүүлүгүн илгерилетүү боюнча, тактап айтканда биргелешкен долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мындан аркы кызматташууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK