Элчи Ч.Эшимбеков Катар мамлекетинин тышкы иштер министринин климаттын өзгөрүүсү жана туруктуу өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Элчи Бадр Омар Аль-Дафа Элчиликте ардактуу конок катары кабыл алды

2684

Бүгүн, 2022-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө туура 24 жыл толду. Ушул маанилүү күнү Элчи Ч.Эшимбеков Катар мамлекетинин тышкы иштер министринин климаттын өзгөрүүсү жана туруктуу өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Элчи Бадр Омар Аль-Дафа Элчиликте ардактуу конок катары кабыл алып, аны менен кызыктуу маек курду.

Белгилей кетсек, 1998-жылдын 3-мартында Элчи Бадр Омар Аль-Дафа өз мамлекетинин атынан дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча тиешелүү протоколго кол койгон.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK